• usd +0.88%
    417.9
  • eur -2.44%
    503.07
  • rub +0.05%
    5.64
  • gbp +1.47%
    582.8
  • cny +0.18%
    64.7
 
  Кыргызстан
 

КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ –

ЭЛ БАШЧЫ Н.А. НАЗАРБАЕВДИН КАЗАКСТАН

КАЛКЫНА КАЙРЫЛУУСУ


«КАЗАКСТАН – 2050»

СТРАТЕГИЯСЫ


КАЛЫПТАНГАН МАМЛЕКЕТТИН

ЖАҢЫ CАЯСИЙ БАГЫТЫ



 
 
 
Урматтуу казакстандыктар!
Кымбаттуу ата мекендештер!
 
Биз бүгүн Көз карандысыздык күнү алдында чогулуп отурабыз.
Мына биз 20 жыл бою ушул улуу мааракени сыймыктануу менен атап өтүп келебиз. 1991-жылдын 16-декабрында биз – Казакстан калкы – эгемендикти, боштондукту, дүйнөгө  ачык-айкын  болууну  тандадык. Бүгүнкү  күнү  ушул  баалуулуктар  биздин
күндөлүктүү өмүрүбүздүн бөлүгүнө айланды.
Ошол кезде, сапарыбыздын башында бардыгы башкача болду. Эми биздин орток күч-жигер жумшашыбыздын аркасында элибиз адам тааныгыс болуп өзгөрдү.Биз бүгүн – өз келбети бар, өз айырмачылыктары менен өз позициясы бар ийгиликтүү мамлекетпиз.
Биздин алгы чепти алышыбыз кымбатка түштү.
Элибиз 20 жыл бою эгемендигибиз менен cаясий салмагыбызды бекемдөөгө жумуш иштеди. 20 жыл өткөн соң бул максатка кол жетти. Калыптануу этабы ийгиликтүү аяктады.
Казакстан ХХІ кылымдын башында көз карандысыз жана өзүнө ишенимдүү болуп отурат.
Дүйнөлүк кризистин улануусунун таасиринен ааламда болуп жаткан өзгөрүштөр бизди коркутпайт. Биз аларга даярбыз. Биздин эмки милдетибиз – эгемендик жылдары жетишкендин бардыгын сактай отуруп, ХХІ кылымда туруктуу өнүгүүнү улантуу.
Биздин башкы максатыбыз – 2050-жылга карата мыкты мамлекеттин, өнүккөн экономиканын жана жалпыга орток эмгектин негизинде берекелүү коомду куруу.
Мыкты мамлекет экономикалык тез өсүү жагдайын камсыз кылуу үчүн өтө маңыздуу болмокчу.
Мыкты мамлекет күн көрүү саясаты менен эмес, пландоо саясаты менен, узак мөөнөттүү өнүгүү менен жана экономикалык өсүү менен  алпурушат.
Так ушул себептен Көз карандысыздык күнү алдында, кымбаттуу менин ата мекендештерим, мен сиздерге жаңы Кайрылуу  сунуштап отурам.
Бул – элибиздин өнүгүү перспективаларына жасаган өздүк ой жүгүртүүлөрүм.
Бул – жаңы саясий багыт.

 І. КАЛЫПТАНГАН КАЗАКСТАН – мамлекеттүүлүгүбүздүн, улуттукэкономикабыздын, жарандык коомубуздун, коомдук ынтымагыбыздын,аймактык лидерлигибиз менен эл аралык кадыр-баркыбыздын кризисте сыналуусу.

 Так 15 жыл мурда биз Казакстан өнүгүүсүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясын кабыл алдык.

Бул 1997-жыл – кеңештик доордон кийнки баш аламандык, түп-тамыры менен жоюлбаган кризис Түштүк-Чыгыш Азияны жана башка да айрым рыноктук мейкиндикти чайпалткан убакыт эле. Бизге да өтө кыйын болду.
Ошол жылдардын ичинде биздин Стратегиябыз башкы максатыбыздан ооп кетпей, чырак сыяктуу биздин жолубузга шооласын чачып, алга басууга күч-жигер берди.
1997-жыл эсиңердеби?
Парламентте мен сөз сүйлөгөндөн кийин абдыроо менен алдастоо болду.
Көпчүлүк: «Бул эмне – үгүтпү? Же асмандан түшкөн нерсеби?» деп собол қоюп жатышты.
Ошол учурда алга койгон милдеттер ошончолук бийик болуп көрүнчү. Деген менен «көз коркок, кол баатыр» дейт эмеспи.
Биздин алдыбызда окуялар жүрүшүнө өзгөрүүлөр киргизүү сыяктуу чоң милдеттер турду. Жаңы элдин пайдубалын тургузуу керек болду.
Ал милдетти чечүү үчүн биз үч бирдей жаңыланууну жүргүзүүгө тийиш элек: мамлекеттин пайдубалын көтөрүү, рыноктук экономиканы өздөштүрүү, социалдык мамлекеттин негиздерин жасоо, коомдук ой жүгүртүүнү қайра өзгөртүү. Биз өздүк жолубузду айкындоого тийиш элек. Бул жол «Казакстан – 2030» Стратегиясында белгиленген болчу. Бул документ стратегиялык максаттар менен милдеттерди баамдаган,   көз карашыбыздагы  маанилүү алга умтулуу болду.
Элдик нускалуу сөздө айтылгандай: «Максаты бийик алдатпайт». Орундуу максаттар гана ийгиликке жеткизет.
Бүгүн туура тандоо жасаганыбыз тууралуу айтуу мен үчүн чоң аброй. 2008-2009- жылдардагы дүйнөлүк кризис ушуну айгинеледи.
Казакстан ага туруштук берди. Кризис жетишкендиктерибизди кемите алган жок, бизди кубаттуулукка жеткизди.
Биз тандап алган өлкө өнүгүүсүнүн саясий, социалдык-экономикалык жана тышкы саясий үлгүсү өз натыйжалуулугун далилдеди.

 Кубаттуу да, ийгиликтүү мамлекет.

Биздин башкы жетишкендигибиз – көз карандысыз Казакстанды курганыбыз.

Биз чек арабызды мыйзамдуу түрдө бекиттик. Элдин бирдиктүү экономикалык мейкиндигин курдук.Элибизде өндүрүштүк байланыштарды кайрадан түптөп, күчөттүк.Учурда бардык аймактар бири-бири менен ажырагыс байланышта иш алып барууда.

Бийлик бутактарынын бөлүнүүсүнө негизделген азыркы замандык мамлекеттик башкаруу системасын жасаган тарыхый маанилүү конституциялык жана саясий реформалар жүргүздүк.

Өлкөнүн жаңы эл ордосу – Астананы салдык. Бул азыркы замандын шаары биздин бойтумарыбыз менен сыймыгыбызга айланды. Биз элибиздин мүмкүнчүлүгүн дүйнөгө көрсөтүү үчүн анын күч-кубатын пайдалана алдык. Так ушул себептен да эл аралык коомчулук Казакстанды ЭКСПО - 2017 Эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү орду иретинде тандады. Эгер Астана болбосо, бул да болбос эле. Мындай урмат кез келгендин энчисине тие бербейт. Биздин өлкөбүз кеңеш өкмөтүнөн кийинки убакыттагы бүткүл посткеңештик мейкиндикте ЕККУга төрагалык кылган, ушул Уюмдун Саммитин өткөргөн жана дүйнөлүк алкактагы иш-чара – ЭКСПО - 2017ни өзүндө өткөзө турган биринчи өлкө экендигин айтып койгонубуз оң.
 
Демократиялаштыруу менен либералдаштыруунун туруктуу процесси.
Биз «Алды менен экономика – андан соң саясат» деген айкын формула менен илгерилеп келебиз. Саясий реформалардын ар бир этабы экономика өнүгүүсүнүн деңгээли менен жуурулушат. Ошондуктан да биз саясий либералдаштырууну ырааты менен жүргүзүүдөбүз. Ошентип гана өлкөнү жаңылантып, аны атаандаштыкка жөндөмдүү кылууга болот.
Коом кадам баскан сайын демократиялаштыруу менен адам укуктары багытындагы эң жогорку стандарттарга жакындап келет.
Биз өлкө Конституциясында негизги укуктар менен эркиндиктерди бекиттик. Бүгүнкү күнү Казакстандын бардык жарандары тең укуктар менен мүмкүнчүлүктөргө ээ.
 
Түрдүү социалдык, этникалык жана диний топтордун ынтымагы мененынактыгы.
Биз казак элине, биздин маданиятыбыз менен тилибизге тиешелүү тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирдик.

Этникалык, маданий жана диний ар түрдүүлүккө карабастан, өлкөбүздө тынччылык менен саясий туруктуулукту сактадык.

Казакстан  140 этнос менен 17 конфессиянын өкүлдөрүнүн тууган үйүнө айланды. Жарандык ынтымак менен улут аралык ынак мамиле – биздин башкы баалуулугубуз.

Көп   өлкөбүздөгү   ынтымак   менен   ырашкердик,   маданияттар   менен   диндердин жуурулушуусу дүйнөлүк эталон иретинде таанылып отурат.

Казакстан калк Ассамблеясы маданияттар жуурулушуусунун бирден-бир евразиялык үлгүсү болду.

Казакстан дүйнөлүк конфессия аралык диалогдор борборуна айланды.
 
 Улуттук экономика. Эл аралык эмгек бөлүнүшүндөгү биздин ролубуз.
Биз Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде биринчи болуп жеке менчикке, эркин атаандаштыкка жана ачыктык принциптерине негизделген рыноктук экономиканын азыркы замандык үлгүсүн жасадык. Биздин моделибиз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууда  мамлекеттин  активдүү ролуна негизделген.
Биз өлкөбүзгө 160 млрд. доллардан ашуун чет өлкөлүк инвестицияны тарттық.
Ишкердик кызматтар үчүн негизги талаптар менен азыркы замандык салык системасы калыптанды.
Биз улуттук экономиканы пландуу түрдө алга жылдыруудабыз. Мен тездетилген индустриялаштыруу программасында эки беш жылдыкта экономикабыздын келбетин өзгөртүп, аны чийки заттын дүйнөлүк бааларынын өзгөрүүсүнө көз карандысыз кылуу милдетин койдум.
Стратегия – 2030 қабылдангандан бери 15 жыл ичинде мамлекетибиз дүйнөдөгү эң ылдам өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн алдыңкы бештигине кирди.
Натыйжада, 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү жагынан биз дүйнөнүн 50 ири экономикасынын катарына киргени турабыз.
Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү өз өнүгүүсүн салыштырчу моюндалган  рейтингдер бар. Ушудан алты жыл мурда мен алдыбызга дүйнөнүн атаандаштыкка жөндөмдүү 50 өлкөсүнүн катарына кирүү жөнүндө жалпы улуттук милдетти койгон элем. Казакстан Дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтингинде 51-орунду ээледи. Биз бүгүн ошол максатыбызга таяк таштам аралыктабыз.

 Коомдук туруктуулук менен ынтымакты камсыз кылган күчтүү социалдыксаясат.

Мен үчүн дайыма элдин турмуш деңгээли башкы өлчөм болду жана ошондой боло бермекчи.

15  жыл ичинде казакстандыктардын кирешеси 16 эсеге өстү.
Кирешеси күн көрүү деңгээлинен төмөн жарандардын саны 7 эсе азайды, жумушсуздар саны эки эсе кыскарды.
Биз социалдык багыттагы коомдун негиздерин түздүк.
Биз улут саламаттыгын жакшыртуу ишинде айтарлыктай алга жылдык. Саламаттыкты сактоо системасынын натыйжалуулугун арттыруу үчүн аны уюштуруу,
башкаруу жана каржыландыруу системасы  реформаланды.
Соңку беш жылда эне өлүмү дээрлик 3 эсеге азайды, бала төрөлүү көрсөткүчү бир жарым эсе өстү.
Билим алууга  бардык мүмкүнчүлүктөр жасалууда.
Соңку 15 жылда билим алууга жумшалчу каражат 9,5 эсе өстү.
Билим берүүнүн мектепке чейинкиден баштап жогорку билимге чейинки бардык деңгээлдерин түп-тамыры менен жаңылоого багытталган Билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы ишке ашырылууда.
Биздин адам капиталын өнүктүрүүдөгү узак мөөнөттүк салымдар саясатыбыздын аркасында азыркы таланттуу жаш урпакты өстүрдүк.
 
 Дүйнөлүк коомчулук тааныган өлкө.
Дүйнөлүк саясатта биздин өлкөбүз - талашсыз эл аралык беделге ээ жооптуу да, ишенимдүү өнөктөш.
Биз дүйнөлүк коопсуздукту күчөтүү ишинде маңыздуу роль атқарабыз, эл аралык терроризмге, экстремизмге жана баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүүсүнө каршы күрөштө дүйнөлүк коомчулукту колдойбуз.
Биз өз коопсуздугубуз үчүн эл аралык диалог аянты - Азиядагы өз ара иш-аракет жана ишеним чаралары кеңешин чакырууга демилге жасадык. Бүгүнкү күнү АӨИЧК калкы 3 милиарддан аша турган 24 өлкөнү бириктирет.
Соңку 2-3 жылда Казакстан Республикасы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна, Ислам Кызматташтыгы Уюмуна жана Жамааттык Коопсуздук Уюмуна төрагалык кылды.
Астана экономикалык форумунда биз диалогдун жаңы форматын – G-globalды сунуштадык. Бул демилгенин мааниси – адилеттүү да, коопсуз  дүйнөнү куруу ишинде күч-жигерди  бириктирүү.

Биз дүйнөлүк энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга ылайыктуу үлүшүбүздү кошобуз.
 
 Ядролук куралды таратпоо режимин илгерилетүүдөгү биздин активдүүролубуз.
Ядролук куралды таратпоо режимин күчөтүү жөнүндөгү демилгелерибиз – дүйнөлүк туруктуулукка, тартип менен коопсуздукка кошкон салымыбыз.
Дүйнөдө алгачкы болуп Семей ядролук полигонун жаап  жана  атом  куралынан баш тарта отуруп, биз жетектөөчү ядролук державалардан – АКШдан, Россиядан, Улуу Британиядан, Франциядан жана Кытайдан коопсуздугубузга бекем эл аралык кепилдик алдык.
Биз Борбордук Азияда ядролук куралсыз аймак курууда негизги роль аткардык жана жер шарынын башка да аймактарында, асыресе, Жакынкы Чыгышта ушундай аймактар курууга активдүү колдоо көрсөтөбүз.
Биз дүйнөлүк коомчулуктун ядролук терроризм коркунучуна каршы туруудагы күч- жигерине колдоо жасайбыз.
Азыр биз ядролук куралдарды таратпоо жөнүндө андан ары чечкиндүү чечимдер кабыл алуу зарылчылыгы тууралуу оюбузду батыл айтабыз. Ядролук куралды таратпоо жөнүндөгү шарт  таратпоо режиминин  өзөгү болот жана ошондой боло бермекчи.
Ядролук сыноолорго жапырт тыюу салуу тууралуу шарттын тезирээк күчүнө кирүүсү таратпоо режимин күчөтүүнүн маңыздуу кыймылдаткычы болууга тийиш.
Мындан үч жыл мурда БУУнун Башкы Ассамблеясы 29-августту Эл аралык ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттин күнү деп жарыялоо тууралуу  сунушумду колдоду.
Ушунун бардыгы -  дүйнөлүк саясаттагы биздин ролубузду таануу.
Ушундай жоопкерчиликтүү саясатынын аркасында Казакстан ядролук куралды таратпоо режиминин лидери, башка мамлекеттер үчүн үлгү болуп таанылды.
 
 «Казакстан – 2030» Стратегиясы. Негизги жыйынтыктар.
«Казакстан – 2030» Стратегиясы менен биз өлкөбүздүн жетишкендиктерин пландаштырдык.
Биз алга койгон максаттарга ишенимдүү да, чечкиндүү кадам басып келебиз. 2008-2009-жылдардагы дүйнөлүк кризистин өзүндө улуттук экономикабыз өсүүсүн улантты.

Бүгүнкү күнү мага 2030 Стратегиясынын мөөнөтүнөн мурда аткарылган параметрлеринин туташ бир бөлүгүн ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу чоң аброй.
 
 (1)    УЛУТТУК КООПСУЗДУК. Биздин алдыбызда Казакстандын бирдиктүүлүгүн сактоо менен аны өнүктүрүү милдети турган болчу. Биз пландаштырылгандан да ашыра аткардык.
Тунгуч ирет тарыхта биздин мамлекет эл аралык даражада таанылган чыныгы чек арасын белгиледи. 14 миң чакырым мамлекеттик чек ара тастыкталды.
Казакстан Каспий деңизинин айдыңындагы абалды ишенимдүү түрдө байкап отурат.
Келечекте кез келген аймактык доо-дооматтардын жаралуу коркунучу азыр азайган. Биз урпактарыбызга  коңшулар менен доолуу жерлерди калтырган жокпуз. Биз адамдын, коом менен мамлекеттин коопсуздугун камсыз кыла алчу күчтүү, азыркы замандык, коргонууга жөндөмдүү аскерди, кажарлуу укук коргоо системасын курдук.
 
 (2) Биз 140 этнос менен 17 конфессиянын өкүлдөрү жашаган өлкөдө ИЧКИ САЯСИЙ ТУРУКТУУЛУК МЕНЕН УЛУТТУК БИРИМДИКТИ сактап, күчөттүк. Биздин саясатыбыз ийгиликтүү болду.
Биз демократиялык өнүгүү үлгүсү негизинде жарандык коом институттарын ырааттуу түрдө калыптандырдык. Адам укуктары жөнүндөгү Омбудсмен институту курулду.
Бизде мурда эч качан көп партиялуулук болбосо, азыр өлкөбүздөгү бүткүл саясий спектрди көрсөтчү партиялар жумуш иштейт. Бизде көп партиялуу Парламент, парламенттик көпчүлүк колдогон Өкмөт бар.
Жарандык коом өнүгүүдө, көз карандысыз ЖМК жумуш жүргүзүүдө. Түрдүү багыттагы 18 миңден  ашуун өкмөттүк  эмес уюмдар иштерин  алып барууда.  2,5 миңдей ЖМК  бар, анын  90%ы – жеке ээликте.
Казакстан бүгүнкү убакытта маданият аралык жана конфессия аралык диалогдун эл аралык борборуна айланды.
Дүйнөлүк жана традициялуу диндердин алгачкы төрт съезди так биздин өлкөбүздө өттү.

ХХІ кылымда Казакстан Чыгыш жана Батыштын диалогу менен өз ара иш-аракетинин көпүрөсү болууга тийиш.
 
 (3)     ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ИНВЕСТИЦИЯЛАР МЕНЕН ИЧКИ САЛЫМДАРДЫН ДЕҢГЭЭЛИ ЖОГОРКУ АЧЫК РЫНОКТУК ЭКОНОМИКАГА НЕГИЗДЕЛГЕН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮҮ.
Биз өнүгүүнүн конкреттүүлүгүнө, туруктуулугуна жана өсүүсүнө жетишүү милдетин алдыбызга койдук. Биз ушул милдетти тарыхый өңүттөн алганда өтө кыска мөөнөттө чечтик.
Так ушул «Казакстан – 2030» Стратегиясында башкы назар экономикалык өсүүгө бурулду.
Натыйжада, 15 жыл ичинде улуттук экономиканын көлөмү 1997-жылдагы 1,7 триллион теңгеден 2011-жылы  28 триллион теңгеге  өстү.
Өлкөнүн ИДПсы 16  эседен ашуун өстү.  1999-жылдан баштап Казакстандын ИДПсынын жылдык өсүүсү 7,6%ды түзүп, алдыңкы қатардагы өлкөлөрдү басып алга озду.
Жан башына эсептегенде ИДП 1998-жылдагы 1500 доллардан 2012-жылы 12 миң долларга жетип, 7 эседен ашуун өстү.
Казакстан мурдатан эле адам башына эсептегенде тартылган түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү жагынан КМШда лидер болду. Бүгүн бул 9200 АКШ долларына жетти.
Биз тышкы сооданын – 12 эсе өсүшүнө, ал эми өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмүнүн 20 эсе өсүшүнө жетиштик.
Ушул жылдар ичинде мунай өндүрүү – 3 эсе, табигый газ өндүрүү 5 эсе артты. Биз чийки зат ресурстарынан түшкөн кирешени Улуттук фондго жибердик.
Бул – мүмкүн болчу экономикалык жана каржылык капсалаңдардан коргой турган ишенимдүү калканыбыз. Бул – бүгүнкү  жана келечек урпак коопсуздугунун кепили.
Тездетилген индустриялаштыруу программасы алкагында 2010-жылдан баштап жалпы баасы 1 797 млрд. теңге болчу 397 инвестициялык долбоор ишке ашырылат, 44 миңден ашуун жумуш орду ачылат.
«Бизнестин жол картасы – 2020» программасы ишке ашырылган эки жыл ичинде жалпы көлөмү 101,2 млрд. теңге суммасындагы кредит болчу 225 долбоор макулданды.
Биз – бүгүн калктын кирешеси орточо деңгээлдеги жана ылдам өнүгө турган экономикасы бар өлкөбүз.

 (4)  КАЗАКСТАН  ЖАРАНДАРЫНЫН  САЛАМАТТЫГЫ,  БИЛИМИ  ЖАНА   ТУРМУШ

ЖАГДАЙЫ. Адамдардын жагдайын түп-тамыры менен өзгөртүүнүн, жашоо турмушун жакшыртуунун өмүрлүк маңызы бар. Аткарылган жумуштун натыйжасы бирден көзгө түшөт.
Орточо айлык эмгек акы 9,3 эсе өстү. Пенсия төлөмдөрүнүн орточо өлчөмү 10 эсе көбөйдү.
Калктын конкреттүү акчалай кирешелери  16  эсе өстү.
Эгер 1999-жылы каржыландыруу 46 млрд. теңгени түзсө, 2011-жылы 631 млрд. теңге болду.
Саламаттыкты сактоонун беш инновациялык объектиси – Балдарды ребилитациялоо борбору, Эне менен бала борбору, Нейрохирургия, Тез медициналык жардам жана Кардиология борборлорун камтыган медициналык кластер курулду.
Өлкөнүн бардык аймактарында сапаттуу медициналык кызматтар алуу үчүн керектүү шарттар жасалды.
Өлкөбүздүн эң  ыраактагы  райондорун медициналык  кызматтар  менен  камтый турган унаа медицинасы ылдам ыргак менен өнүгүүдө.
Улуттук скрининг системасы бейтаптарды баштапкы деңгээлинде аныктоого жана оорунун алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.
Дары-дармек менен бекер жана жеңилдиктер менен камсыздоо маселелери киргизилди.
Соңку 15 жылда калктын саны 14 миллиондон 17 млн. адамга чейин өстү. Өмүр сүрүү узактыгы 70 жашка чейин  узарды.
Биз оңой жана сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүү багытын ырааттуу түрдө жүргүзүүдөбүз.
«Балапан» программасын ишке ашыруу балдарды мектепке чейинки билим берүү менен 65,4%га чейин  камтууга мүмкүнчүлүк берди.
Милдеттүү мектеп алдындагы даярдык киргизилди, ал мектеп жашына чейинки балдардын  94,7%ын қамтыйт.
1997-жылдан бери республика боюнча 942 мектеп, ошону менен катар, 758 оорукана жана башка да саламаттыкты сактоо объектилери салынды.
Биз дүйнөлүк деңгээлдеги интеллектуалдык мектептер менен кесиптик-техникалык колледждер системасын өнүктүрүүдөбүз.
Соңку 12 жылда  жогорку билим алууга берилүүчү гранттар саны 182%га  көбөйдү.

1993-жылы биз «Болочок» аттуу өзгөчө программа кабылдадык, анын аркасында


8 миң таланттуу жаштар дүйнөнүн тандалган университеттеринде алдыңкы билим алышты.
Астанада эл аралык стандарттар боюнча жумуш иштей турган азыркы замандагы илимий-изилдөө университети курулду.
 
 (5) ЭНЕРГЕТИКАЛЫК РЕСУРСТАР. Казакстандын мунай-газ комплекси бүткүл экономиканын локомотиви болуп табылат жана башка тармактардын өнүгүүсүнө таасирин тийгизет.
Биз экономиканын заманбап, натыйжалуу мунай-газ жана тоо-кен өндүрүү тармагын курууга тийиш элек. Биз бул милдеттин үдөөсүнөн чыктык. Биз бүгүн чийки зат секторунун кирешесин болочок экономиканы  куруу үчүн пайдалануудабыз.
Өлкөнүн ИДПсында мунай-газ тармагынын үлүшүнүн туруктуу өсүү ыргагы байкалат, ал 1997-жылдагы 3,7%дан 2006-жылы 14,7%га жана 2011-жылы 25,8%га өстү.
Биз өткөрүү рыногун ар тараптуу кылып, өз позицияларыбызды бекемдедик, ушул аркылуу продукциябызды өткөрүүнүн бир багытка көз карандылыгын азайттык.
 
 (6) ИНФРАТҮЗҮМ,  АСЫРЕСЕ,  УНАА  МЕНЕН  БАЙЛАНЫШ.  Биз   инфратүзүмдү
өнүктүрүү милдетин алга койдук. Биз муну  да  эңшердик.  Өткөн  жылдар  ичинде өнөр жай, унаа инфратүзүмү менен турмуштук инфратүзүмдүн ири стратегиялык объектилери ишке кошулду. Бул - автомобиль жана темир жол магистралдары, куур жолдору, логистикалык борборлор, терминалдар, аба жайлары, вокзалдар, порттор жана башкалар.
Ушунун бардыгы көптөгөн казакстандыктарга жумуш таап берди, биз аймактык жана дүйнөлүк чарбачылык байланыштар системасына кирдик.
Жыл сайын телекоммуникация тутунуучуларынын саны өсүүдө. Бул стационардык телефондорго да, мобилдүү байланышка да, Интернетке да тиешелүү.
Электрондуу өкмөт жарандардын мамлекет менен өз ара иш-аракетин кыйла жеңилдетти.
Соңку 11 жылда автомобиль жолдору тармагын өнүктүрүүгө 1 263,1 млрд. теңге жумшалды. Ушул жылдар ичинде жалпы пайдалануудагы 48 миң чакырымдан ашуун жол, ошондой эле 1100 чакырым темир жол салынды жана реконструкцияланды.Азыркы убакытта биз «Батыш Европа – Батыш Кытай» магистралдык унаа коридорун салып, Жаңы Жибек жолун жаңылоодобуз.

Биз «Өзөн – Түркмөнстан чек арасы» темир жол линиясын салып, Перси булуңу менен Чоң Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачтык. «Коргос – Жетиген» жолун төшөп, Кытайдын жана бүткүл Азия континентинин рынокторуна кирип, Чыгыш дарбазасын кеңири ачтык. Биз «Жезказган – Бейнеу» темир жолун салууну баштадык.
 
 (7)  КЕСИПТИК МАМЛЕКЕТ. Биз административдик-амирчилдик системанын башкаруу адаттарынан такыр баш тартып, башкаруучулардын азыркы замандык жана натыйжалуу корпусун курууга тийишпиз. Бардык жарандар тең укуктар менен мүмкүнчүлүктөргө ээ болчу, кадрларды тандоо жана жогорулатуунун биз жасаган системасы мамлекеттик аппарат кызматынын кесипкөйлүгү менен айкындуулугунун эң жогорку деңгээлин камсыз кылат.
Биз мамлекеттик башкарууда өзүбүзчө төңкөрүш жасоого жетиштик, аны калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү сапатын арттырууга қайра багыттадык.
Ошентип 2030 Стратегиясында белгиленген негизги милдеттер аткарылды, қалгандары аткарылуу үстүндө.
 
 
***                                                
Бүгүнкү күнү биздин ар кайсыбыз «2030 Стратегиясы жүзөгө ашты, азыркы замандын
Казакстаны орноду» деп айта алабыз. Бул – биздин биримдигибиздин, күжүрмөн да, кажарлуу эмгегибиздин натыйжасы, умтулууларыбыз менен үмүттөрүбүздүн жандуу көрүнүшү.
Биз өз жетишкендиктерибиз үчүн сыймыктануу сезимине бөлөнөбүз.
Дүйнөлүк кризис биздин мамлекет жана коом болгонубузду бекемдеди. Биздин чек арабыз, саясий системабыз, экономикалык үлгүбүз эл ичинде да, андан тышкары жерде да эмки убакытта олуттуу келишпестиктердин жана талаш-тартыштардын өзөгүнө айланбайт.
Эми биздин алдыбызда жаңы милдет турат. Биз мамлекетибиздин узак мөөнөттүү убакытка багытталган андан ары өнүгүү векторун күчөтүүгө тийишпиз.

 ІІ. ХХІ КЫЛЫМДЫН ОН ДҮЙНӨЛҮК СЫНОО-ЧАКЫРЫКТАРЫ.

 Азыркы убакытта адамзат жаңы дүйнөлүк сыноо-чакырыктар менен бетме-бет келүүдө.
Өлкөбүз менен аймагыбыз үчүн мен он негизги сыноо-чакырыкты бөлүп көрсөтөм. Эгер биз өз өнүгүүбүздө жаңы ийгиликтерге андан ары қол жетишүүнү көздөй турган болсок, алардын ар бирин милдеттүү түрдө эстеп жүрүшүбүз керек.
 
 Биринчи сыноо-чакырык – убакыттын тез өтүүсү.
Тарыхый убакыт өтө ылдамдай түшүүдө. Дүйнө ылдам өзгөрүүдө жана болуп жаткан өзгөрүштөрдүн тездиги адамды таң калтырат.
Соңку 60 жылда Жер тургундарынын саны үч эсе көбөйдү, ал 2050-жылга карата 9 млрд. адамга жетет. Аталган убакыт ичинде дүйнөлүк ички жалпы продукция 11 эсеге өстү.
Бүткүл дүйнөлүк тарыхый процесстин ылдамдашы кайсыл убакта болсун мамлекеттер алдында жаңы чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ал аларды толугу менен пайдаланганыбызды мен сыймык тутамын.
Соңку 20 жылдан ашуун убакытта биз коом өмүрүнүн бардык тармактарына өтө жогору ыргак менен жаңылантуу жүргүздүк. Көптөгөн башка өлкөлөргө 100, деги эле 150 жыл керек болгон нерселерди аткардык.
Деген менен ушул убакытка чейин жалпы жаңылоо процессине кирбеген топтор бар. Анын объективдүү себептери да бар. Коомдо адамдардын моралдык жагдайы менен коомдук тилек-үмүтүнө таасир кыла турган бир катар тең эместиктер али күнчө орун алууда.
Биз ушул тең эместиктикти жоюп, коомдун бардык катмарына коомдук жаңылануу процессине кирүүгө мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Алар коомдо өзүнүн ылайыктуу ордун таап, Жаңы саясий багыт сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланууга тийиш.
 
 Экинчи сыноо-чакырык – дүйнөлүк демографиялык тең салмаксыздык.
Дүйнөлүк демографиялық тең салмаксыздык күн өткөн сайын күчөөдө. Жалпы дүйнөлүк тренд – адамзаттын картаюусу. Эми 40 жылдан кийин алтымыш жаштан ашкан адамдардын саны 15ке толбогондордон ашып түшөт. Туунун азаюусу жана адамзаттын картаюусу көптөгөн өлкөлөрдө эмгек рыногундагы проблемаларга, атап айтканда, эмгек ресурстарынын жетишсиздигине сөзсүз алып келет.

Чырмала түшкөн демографиялык тең салмаксыздык жаңы миграциялык көйгөйлөрдү жаратып, бүткүл дүйнөдө социалдык чыңалууларды күчөтөт.
Биз Казакстанда мыйзамсыз эмгек мигранттары жергиликтүү эмгек рынокторун туруксуздукка алып келген өлкөнүн айрым аймактарындагы миграциялык кысым менен бетме-бет келип отурабыз.
Биз жакынкы келечекте тескери процесс менен – өлкөнүн тышынан бизге келе турган эмгек иммиграциясы менен бетме-бет келүүбүз абдан мүмкүн экендигин түшүнүүгө тийишпиз.
Биз жаш улутпуз. Өлкөбүздөгү орточо жаш – 35. Бул биздин адамдык күч- кубатыбызды сактоого, ааламда өзүбүздүн татыктуу орун алуубузга чоң мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күнү алга илгерилөөгө бизде жакшы негиз бар.
Өлкөбүздө ар бир издеген адам таба ала турган жумуш бар. Анын үстүнө биздин ар бирибиздин өзүбүз жумуш иштеп, өзүбүздү багууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул - биздин чоң жетишкендигибиз.
Мен сиздерди жалпыга орток эмгек коомуна баштап келем, анда жумушсуздар жөнөкөй эле жардам акы алуучулар эмес, алар жаңы кесиптерди өздөштүрө турган болот, майыптар жаратмандык кызмат менен активдүү айланыша алышат, а корпорациялар менен компаниялар алардын эмгеги үчүн ылайыктуу шарт түзө алышат.
Биздин жаштарыбыз окууга, жаңы илим-билимди өздөштүрүүгө, жаңы машык алууга, билим менен технологияны күндөлүктүү өмүрдө чебер да, натыйжалуу пайдаланууга тийиш. Биз бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап, эң ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылышыбыз керек.
 
 Үчүнчү сыноо-чакырык – дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна жаралганкоркунуч.
Дүйнөдөгү калктын санынын өсүшүнүн жогорку ыргагы азык-түлүк проблемасын чукул татаалдаштырып отурат.
Азырдын өзүндө дүйнөдө миллиондогон адам ачкачылыкка учурап, миллиардга жакын адам тамактын такай жетишпестигин баштарынан кечирүүдө. Тамак-аш продукцияларын өндүрүүдө революциялық өзгөрүштөр жасалбаса, ушул үрөйлүү цифралар тек гана өсө бермекчи.
Биз үчүн бул сыноо-чакырыктарында орошон зор мүмкүнчүлүктөр бар.

Биз дал азыркы кезде дан азыктарын өтө ири экспорттоочулардын катарына кирдик. Бизде өтө ири экологиялык таза аймактар бар жана экологиялык таза тамак- аш продукцияларын чыгара алабыз.


Айыл чарбачылыгы өнөр жайында сапаттуу секирик жасоо толук колубуздагы иш. Бул үчүн бизге жаңы өңүттөгү мамлекеттик ой жүгүртүү керек болот.
 
 Төртүнчү сыноо-чакырык – суунун өтө тартыштыгы.
Дүйнөлүк суу ресурстары да катуу кысым көрүп отурат.
Соңку 60 жылда жер бетинде ичүүчү сууну пайдалануу 8 эсе өстү. Ушул жүз жылдыктын ортосуна қарата көптөгөн өлкөлөр сууну тыштан алдырууга мажбур болот.
Суу – өтө чектелүү ресурс жана анын көздөрүн ээлөө үчүн күрөш жер бетиндеги чыңалуу менен жаңжалдар себептеринин бири иретинде, азырдын өзүндө геосаясаттын өтө маанилүү факторуна айланып отурат.
Суу менен камсыз кылуу проблемасы биздин өлкөбүздө да орчундуу болуп отурат. Бизге сапаттуу ичүүчү суу жетишпейт.
Бир катар аймактар анын залакасын катуу тартууда.
Бул проблеманын геосаясий жактары да жок эмес. Азырдын өзүндө биз трансчекаралык дарыялардын суу ресурстарын пайдаланууда бир катар маселелер менен бетме-бет келдик. Аталган маселенин күрдөөлдүүлүгүнө карабастан, биз аны саясатташтырууга жол бербөөгө тийшпиз.
 
 Бешинчи сыноо-чакырык – дүйнөлүк энергетикалык коопсуздук.
Бардык өнүккөн өлкөлөр альтернативдүү жана «жашыл» энергетикалык технологияларга инвестицияны көбөйтүүдө.
2050-жылга карата алгандын өзүндө аларды колдонуу бардык тутунула турган энергиянын 50 %ына чейинкини өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Көмүр сутеги экономикасынын доору акырындап аяктап келе жатканы анык. Адамзаттын өмүр тиричилиги тек бир гана мунайга жана газга эмес, энергиянын жаңы көздөрүнө негизделүүчү жаңы доор келе жатат.
Казакстан дүйнөлүк энергетикалык коопсуздуктун башкы элементтеринин бири болуп саналат.
Мунай менен газдын дүйнөлүк деңгээлдеги өтө ири корлорун ээлеген биздин өлкөбүз өзүнүн энергетикалык тармактагы ишенимдүү стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу эл аралык кызматташтык саясатынан бир кадам да артка чегинбейт.

 
Алтынчы сыноо-чакырык – табигый ресурстардын азаюусу.
Жердин табигый ресурстарынын чектелүү, түгөнүү жагдайында адамзат тарыхындагы теңдеши жок тутунуунун өсүшү ар түрдүү багыттагы кейиштүү да, оң да процесстерди күчөтө түшөт.
Биздин өлкөбүз бир катар артыкчылыктарга ээ. Жараткан бизге көп табигый байлык берген. Башка өлкөлөр менен калктарга биздин ресурстарыбыз керек болот.
Бизге өз табигый байлыктарыбызга деген көз карашыбызды ой элегинен өткөзүүнүн принциптүү мааниси  бар. Биз  аларды   сатуудан  казынабызга киреше  толтуруп,  аларды  туура  башкарууну,  эң  башкысы,   өлкөбүздөгү табигый байлыгыбызды туруктуу экономикалык өсүүгө толук жана натыйжалуу жуурулуштурууну үйрөнүшүбүз керек.
 
 Жетинчи сыноо-чакырык – Үчүнчү индустриялык революция.
Адамзат Үчүнчү индустриялык революция босогосунда турат, ал өндүрүш түшүнүгүнүн өзүн өзгөртөт. Технологиялык жаңылыктар дүйнөлүк рыноктун түзүлүүсү менен керектөөлөрүн түп-тамыры менен өзгөртөт. Биз мурдагыга карганда такыр башкача технологиялык заманда жашап жатабыз.
Цифралык жана нанотехнология, регенеративдүү медицина жана башка да көптөгөн илимий жетишкендиктер курчаган чөйрөнү гана эмес, адамдын өзүн да трансформациялап, күндөлүктүү  чындыкка айланат.
Биз ушул процесстердин активдүү катышуучулары болууга тийишпиз.
 
 Сегизинчи сыноо-чакырык – көбөйө баштаган социалдык туруксуздук.
Азыркы мезгилде эң чоң дүйнөлүк проблемалардын бири – күчөй түшкөн социалдык туруксуздук. Анын негизги себеби – социалдык теңсиздик.
Учурда дүйнөдө эки жүз миллионго жакын адам жумуш таба албай отурушат. Европалык Шериктештиктин өзүндө жумушсуздук соңку он жылдыктардагы эң жогорку деңгээлге жетип, көптөгөн тартипсиздиктерге шылтоо болуп отурат.
Мунун жанында Казакстандагы абал бир кыйла ыңгайлуу болуп отургандыгын моюндоо керек. Учурда биз бардык жаңы тарыхыбызда жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээлиндебиз. Бул, сөз жок, чоң жетишкендик. Ошондой болсо да, биз барга алымсынууга тийиш эмеспиз.
Социалдык-саясий капсалаңга улана турган дүйнөлүк экономикалык кризис Казакстанга да сөзсүз кысым көрсөтүп, биздин чыдамдуулугубузду сынакка алат.
Ошондуктан күн тартибине социалдык коопсуздук жана социалдык туруктуулук маселеси коюлат. Биз үчүн маанилүү милдет – коомубуздагы социалдык туруктуулукту күчөтүү.

 
 Тогузунчу сыноо-чакырык – цивилизациябыздын баалуулуктарынынкризиси.
Аалам оор дүйнө таанымдык жана баалуулук кризисти башынан кечирип отурат. Цивилизациялардын каршы күрөшү, тарыхтын акырын, мультимаданияттын кыйроосун жарыялашкан үндөр бат-бат угула турган болду. Жылдар бою сындан өткөн баалуулуктарыбызды коргой отуруп, биз үчүн ушул артка тарткан көз караштан баш тартуунун принциптүү мааниси бар. Өз тажрыйбабыздан билгенибиз, биздин
«алсыз тушубуз» деп атаган көп этностуулугубуз менен көп конфессиялуулугубузду өз артыкчылыгыбызга айландыра алдык.
Биз маданияттар менен диндердин катар жашоо жагдайында өмүр сүрүп үйрөнүшүбүз керек. Биз маданияттар менен цивилизациялар диалогуна ынтызар болууга тийшпиз.
Тек башка улуттар менен жарашыкта гана биздин өлкөбүз келечекте ийгилик менен таасир берүүгө жетише алат. ХХІ кылымда Казакстан өзүнүн аймактык лидерлик принцибин бекемдеп, Чыгыш менен Батыштын жуурулушуусу менен өз ара иш-аракети үчүн көпүрө болууга тийиш.
 
Онунчу сыноо-чакырык  – дүйнөлүк жаңы туруксуздук коркунучу.
Дүйнөдө эмне болуп жатканын биз бардыгыбыз көрүп отурабыз. Бул кризистин жаңы толкуну эмес, дүйнөлүк экономика али күнчө эңшере албай отурган 2007-2009- жылдардагы кризистин уландысы.
Дүйнөлүк экономикалык система 2013-2014-жылдардын өзүндө олуттуу капсалаңга учуратып, атап айтканда, чийки затка дүйнөлүк баанын төмөндөөсүн жаратуусу мүмкүн. Биз үчүн мындай көрүнүш жайлуу боло койбойт.
Еврошериктештик менен АКШдагы ыктымал рецессия өнүккөн өлкөлөрдүн чийки зат ресурстарына керектөөсүн төмөндөтүшү мүмкүн.
Еврошериктештеги жок дегенде бир мамлекеттин ыктымал дефолту «домино таасирин» жаратып, биздин эл аралык резервдерибиздин сакталышы менен экспорттук продукция беришибиздин туруктуулугуна күмөн туугузуусу мүмкүн.
Валюталык резервдердин кыскаруусу валюталык баамдоолор менен инфляциянын кысымын күчөтүп, бул кайрадан социалдык-экономикалык абалга терс таасир кылышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу биз эл аралык кырдаалдын кез келген көрүнүшүнө ар тараптуу даяр болуу үчүн бийликтин бардык бутактарынын, мамлекет менен коомдун ойлоштурулган, келишилген жана өз ара шайкеш келтирилген багытын иштеп чыгууга тийишпиз.

ІІІ. «Казакстан – 2050» Стратегиясы - тез кубулган тарыхый жагдайдагыжаңы Казакстан үчүн жаңы саясий багыт.
 
 Урматтуу казакстандықтар!
Кымбаттуу ата мекендештер!
 
 Биз чечүүгө зарыл милдеттер парадигмасы сапаттык жактан өзгөрдү.
Жаңы сыноо-чакырыктарды ылайыктуу кабылдоо үчүн эмки жерде 2030 Стратегиясынын алкагы жеткиликтүү эмес. Биз пландаштыруу алкагын кеңейтип, 15 жыл мурдагыдай кезектеги дүйнө таанымдык серпилүү жасашыбыз керек.
Биринчиден, Казакстан - азыркы замандагы мамлекет. Биздин мамлекетибиз баралына жетти. Ошондуктан да бүгүнкү күн тартиби мамлекеттин калыптануу учурундагыдан өзгөчө.
Дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүштөрдүн сыпаты менен тереңдиги, дүйнөлүк өз ара иш-аракет узак мөөнөттүү өнүгүүнү талап кылат. Көптөгөн өллкөлөр азырдын өзүндө 2030-2050-жылдардын аркы жагына көз жиберүүгө тырышат. «Башкарыла турган болжолдоо» азыркыдай туруксуз убакытта мамлекеттердин өнүгүүсүнүн маанилүү жол көрсөткүчүнө айланууда.
Экинчиден, «Казакстан – 2030» Стратегиясы биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн калыптануу этабы үчүн жасалган болчу. Өзүнүн базалык өлчөмү боюнча ал аткарылды.
Үчүнчүдөн, биз жаңы чындык туугузган сынактар менен кооп-коркунучтарга жолугуп отурабыз. Алар жалпылык сыпат алып, бардык өлкөлөр менен аймактарга таасирин тийгизүүдө.
Биз «Казакстан – 2030» Стратегиясын бекиткен кезде натыйжада жаңы, такыр күтпөгөн, экономикалык жана геосаясий жагдайлар жарала турган, өз көлөмү жагынан теңдеши жок дүйнөлүк каржы-экономикалык кризис болот деп эч ким күтпөгөн эле.
2030 Стратегиясы 1997-жылы ачык документ иретинде жасалды. Биз адегенде эле ага түзөтүүлөр киргизүү мүмкүнчүлүгүн эскердик.
Дүйнөдөгү жагдай өзгөрө тургандыгын жана өмүр өз түзөтүүлөрүн киргизиши мүмкүн экендигин түшүнө отуруп, менин тапшырмам боюнча жаңы жагдайдагы биздин ордубуз менен биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү ой элегинен өткөрө отуруп иштей турган жумушчу тобу түзүлдү.

Алардын талдоо жумуштарын эскере отуруп, мен улуттун 2050-жылга чейинки жаңы саясий багытын жасоону сунуштаймын, анын ичинде 2030 Стратегиясынын милдеттерин аткаруу улантылат. Убакыт менен жагдай 2030 программасы сыяктуу биздин пландарыбызга түзөтүүлөрүн киргизээрин так сезишибиз керек.


2050-жыл – айрыкча жышаандуу дата гана эмес.
Бул бүгүнкү убакытта дүйнөлүк коомчулук мерчемдеп отурган чыныгы мезгил өлчөмү.
БУУда 2050-жылга чейинки цивилизациялар өнүгүүсүнүн дүйнөлүк болжому даярдалды.
2050-жылга чейинки болжолдуу баяндаманы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюму жарыялады.
Азыркы мезгилде өлкөлөрдүн көпчүлүгү ушундай узак мөөнөттүү стратегияларды даярдап, кабыл алууда. Кытай өзү үчүн так ушундай стратегиялык пландоо мейкиндигин айкындап алды.
Ири трансулуттук компаниялардын өздөрү да алдыдагы жарым кылымга өнүгүү стратегияларын даярдоодо.
Он беш жыл мурда, 2030 Стратегиясы кабылданганда биздин жаңы мамлекетибизде дүйнөгө келген казакстандыктардын  жаңы мууну эми гана мектепке барууга даярданып жатышты.
Бүгүнкү күндө алар эмгек кылууда же жогорку окуу жайларын аяктоодо.
Эми эки-үч жылдан соң Көз карандысыздыктын экинчи мууну дүйнөгө келе баштайт.
Ошондуктан азырдын өзүндө аларга туура багыт нускоо тууралуу ойлонгондун мааниси чоң.
Биздин башкы максатыбыз 2050-жылга қарата Жалпыга орток эмгек коомун куруу.
Казакстан ХХІ кылымдын ортосуна қарата дүйнөнүн эң өнүккөн 30 өлкөсүнүн катарында болууга тийиш.
Биздин жетишкендиктерибиз менен казакстандық өнүгүү үлгүсү Жаңы саясий багыттын негизи болууга тийиш.
«Казакстан – 2050» Стратегиясы «Казакстан – 2030» Стратегиясынын жаңы доордогу жуурулушкан өнүгүүсү. «Биз кимбиз, кайда барабыз жана 2050-жылга қарата кай жерде болгубуз келет?» деген суроолорго жооп ушул. Жаш урпактын туура ушуга мүдөөлүү экендигине ишенимдемин.

Ушуга  байланыштуу, улуттун  2050-жылга  чейинки  жаңы  саясий  багытынын долбоорун сунуштаймын. Бул менин Казакстан калкына кайрылуум болот.
 

 * * *

 Биз кайда бара жатабыз?

Казакстан 2050-жылга карата дүйнөнүн эң өнүккөн отуз өлкөсүнүн катарында болууга тийиш.Өнүгүүчү өлкөлөр арасында ушул клубдагы орунга атаандаштык катаал болмокчу. Күн астындагы орун тек эң мыктыларга арналганын айкын туюнуп, улутубуз дүйнөлүк экономикалык каршылаштыкка даяр болууга тийиш. Биз биринчи даражадагы төмөнкүдөй максаттарыбызды назардан чыгарбастан, чыныгы ниет жана шыктануу менен жумуш иштешибиз керек:

•   Мамлекеттүүлүктү андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө.

•  Экономикалык саясаттын жаңы түрлөрүнө өтүү.
•  Улуттук  экономиканын  жетектөөчү  күчү  –  ишкердикке  ар  тараптуу  колдоо көрсөтүү.
•  Жаңы социалдык үлгүнү калыптандыруу.
•  Билим берүү жана саламаттыкты сактоонун азыркы замандагы жана натыйжалуу системасын куруу.
•   Мамлекеттик  аппараттын  жоопкерчилиги  менен  натыйжалуулугун  арттыруу, кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу.
•  Эл аралык жана коргоо саясатын жаңы сыноо-чакырыктарга ылайыкташтыруу.
 
Бүгүн, ошондой эле, мен 2050 жаңы саясий багыттын ийгиликтүү башталышын камсыз кыла турган 2013-жылдын биринчи кезектеги милдеттерин атап бергени жатам.
Ушул милдеттерге ылайык Өкмөт токтоосуз 2013-жылдагы жалпы улуттук иш- аракеттердин планын даярдоого тийиш.
Ушундай өтө маанилүү документ конкреттүү тапшырмаларды камтуусу жана бийиликтин аткаруучу, мыйзам чыгаруучу жана сот тармактары башчыларынын жеке жоопкерчилигинде болууга тийиш. Президенттин администрациясы аны  даярдоо жана анын ишке ашырылуусун өзгөчө көзөмөлгө алууга тийиш.
Эми мен «Казакстан – 2050» Стратегиясынын негизги багыттары тууралуу өз баамдоолорумду алга тарткым келет.

 1. ЖАҢЫ БАГЫТТЫН ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТЫ – ПАЙДА АЛУУ,ИНВЕСТИЦИЯЛАР  МЕНЕН  АТААНДАШТЫККА  ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨННАТЫЙЖА АЛУУ ПРИНЦИБИНЕ НЕГИЗДЕЛГЕН БАРДЫГЫН ТҮГӨЛ КАМТУУЧУЭКОНОМИКАЛЫК  ПРАГМАТИЗМ.

 1. БАРДЫГЫН ТҮГӨЛ КАМТУУЧУ ЭКОНОМИКАЛЫК ПРАГМАТИЗМ.
Жаңы багыт экономикалык саясатынын маани – бардыгын түгөл камтуучу экономикалык прагматизм, чын маанисинде бул биздин бүгүнкү көз караштарыбыз менен аракеттерибизди түп-тамыры менен өзгөртүү.
Бул эмнени билдирет?
Биринчи. Экономикалык жана башкаруу чечимдерин толук экономикалык максаттуулук жана узак мөөнөттүк мүдөөлөр өңүтүндө кабылдоо.
Экинчи. Казакстан толук кандуу бизнес-өнөктөш иретинде катыша ала турган жаңы рыноктук орундарды аныктоо. Экономикалык өнүгүүнүн жаңы негиздерин куруу.
Үчүнчү. Экономикалык күч-кубатты арттыруу максатында ыңгайлуу инвестициялык шарт түзүү. Инвестициянын кирешелүүлүгү жана кайтарымдуулугу.
Төртүнчү. Экономиканын натыйжалуу жеке секторун куруу жана мамлекеттик- жеке менчик өнөктөштүктү күчөтүү. Экспортту мамлекет тарабынан ынтаалантуу.
  
Жаңы кадр саясаты
Жаңы экономикалык саясаттын ийгиликтүүлүгүнүн башкы шарты кадрлар аркылуу күчөтүүлүгө тийиш.  Бул үчүн биз:
• Башкаруу  ресурсун өнүктүрүүгө тийишпиз жана бул үчүн бизде резервдер бар.
Менеждменттин жаңы ыкмаларын жана мамлекеттик сектордо корпоративдик башкаруунун эрежелерин киргизүү зарыл.
• Муну менен бир мезгилде эл аралык эмгек бөлүнүшүнөн пайдалуу жагын алуубуз, атап айтканда, биздин жаңы багытыбыздын бир катар милдеттерин ишке ашыруу үчүн аутсорсинг программалары аркылуу тышкы кадр ресурстарын тартышыбыз керек. Биз ошону менен бирге ачык рыноктогу эң мыкты чет элдик адистерди тартууга жана аларды өлкөбүзгө жумушка чакырууга тийишпиз.
Кеңири көлөмдөгү эл аралык тажрыйбасы бар жана билимдүү башкаруучу кадрларды пайдалануу эки бирдей натыйжа берет: биз өндүрүшүбүздүн менеджментин жаңылоо менен катар, өзүбүздүн ата мекендик кадрларыбызды үйрөтөбүз. Бул - биз үчүн жаңы тажрыйба.

2050-жылга чейин этап-этап менен төмөнкүдөй милдеттерди чечүү принциптүү маанилүү:
 
Биринчиден, мамлекеттин макроэкономикалык саясаты жаңыланууга тийиш.
 
 Бюджет саясаты
•Биз бюджет саясатынын жаңы принциптерин өздөштүрүүгө – өз мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чегинде гана чыгымданууга жана тартыштыкты бардык мүмкүнчүлүк менен кыскартууга тийишпиз. Узак убакыт алардын сакталуусун камсыз кыла отуруп, «қыйын-кысталаң» күнгө резервдер жыйноо зарыл.
• Бюджеттик-каржылык процесске деген көз караш жеке салымдарга көз караш сыяктуу дыкат ойлоштурулган болууга тийиш. Башкача айтканда, бир да бир бюджеттик теңге ысырап болбоого тийиш.
• Мамлекет      бюджети      узак      мөөнөттүү      перспектива       өңүтүнөн      караганда продуктивдүү  мисалы,  экономиканы  ар  тараптуу  кылуу  жана  инфратүзүмдү өнүктүрүү сыяктуу жалпы улуттук долбоорлорго багытталышы керек. Инвестициялар үчүн объектилерди алардын максаттуулугу жана кайтарымдуулугу өңүтүнөн дыкат иргөө зарыл. Эң азыркы замандык объектилердин өзү аларды кармап турушу үчүн чыгашаларды талап кылып, бирок киреше алып келбей турган болсо жана өлкө жарандарынын проблемаларын чечпей турган болсо, бюджетке салмак болоорун эсте сактаган жөн.
 
 Салык саясаты
• Өндүрүш жана жаңы технологиялар тармагындагы салык салуу объектилери үчүн ыңгайлуу салык режимин киргизүү зарыл. Азыр бул жумуш башталды. Аны жакшыртуу милдетин жүктөйм. Бардык колдонуудагы салык жеңилдиктерине ревизия жүргүзүп, аларды болушунча  натыйжалуу кылуу керек.
•Биз  салык  салууну  либералдаштыруу  жана  бажы  кызматын  реформалоо
саясатын улантууга тийишпиз. Салык эсептүүлүгүн жеңилдетип, аны болушунча азайтуу керек.
Биз рынокко катышуучуларды салыктан качуу жолдорун издөөгө эмес, аларды атаандаштыкка кызыктыруубуз зарыл. Салыктык көзөмөлдөрдү прагматикалык азайтуу – чарбалык субъектилердин салык кызматы менен диалогун азайтууга тийиш. Алдыдагы беш жылда бардыгыбыз онлайн-электрондук эсептүүлүк режимине өтүшүбүз керек.

• 2020-жылдан  баштап  биз  салыктык  насыя  берүү  практикасын  киргизишибиз керек. Башкы милдет – ишкерлердин инвестициялык активдүүлүгүн ынтаалантуу.
•  Жаңы салык саясаты социалдык багытта болууга тийиш. Бул үчүн 2015-жылдан
баштап ынтаалантуу чаралары комплексин, анын ичинде билим берүүгө, өзүн, өз үй-бүлөсүн, кызматкерлерин медициналык камсыздандырууга каражат сала турган жарандар менен компанияларды салыктан бошотуу практикасын көздөй турган ынтаалантуу комплексин даярдоо зарыл.
Ошентип, бизнес деңгээлиндеги келечектеги салык саясаты ички өсүүнү ынтаалантуу жана тышкы рынокторго ата мекендик экспортту, а жарандар деңгээлинде алардын фонддорун, жыйнактарын жана салымдарын ынтаалантууга тийиш.
 
Акча-кредит саясаты
 
• Дүйнөлүк экономикадагы ыңгайсыз абалды эскере отуруп, биз инфляциядан ар  бир казакстандыктын кирешелерин коргоону камсыз кылабыз жана экономикалык өсүү үчүн ылайыктуу деңгээлин кармай турган болобуз. Бул жай гана макроэкономикалык маселе эмес, бул өлкөнүн социалдык коопсуздугунун маселеси. Жана да бул – 2013-жылдан баштап Улуттук Банк менен Өкмөт жумушунун башкы маселеси.
•Казакстандык банктар өз кезегинде өзүнүн максатын аткарууга жана конкреттүү
экономика секторунун кредиттик ресурстарга деген керектөөсүн камсыз кылууга тийиш. Бул иретте каржылык системага көзөмөлдү алсыратууга болбойт, банктарды проблемалык кредиттерден тазартуу жана кор жыйноо маселелери менен тыгыз алпурушуу зарыл.
Бул үчүн Улуттук Банк менен Өкмөтке Президент администраңиясынын уюштуруусу менен экономиканы зарыл акча ресурстары менен камсыз кылууга багытталган концептуалдуу акча-кредит саясатынын жаңы системасын даярдоо керек болот.
 
Мамлекеттик жана тышкы карызды башкаруу саясаты
• Биз   өлкөнүн   мамлекеттик   карызынын   деңгээлин   туруктуу   көзөмөлдөөдө кармоого тийишпиз.
• ИДПга  тишелүү  бюджет  тартыштыгын  2013-жылдагы  2,1%дан  2015-жылы 1,5%га чейин төмөндөтүү керек. Мамлекеттик карыз аз өлчөмдөгү деңгээлде калууга тийиш. Бул принципалдуу милдет, анткени, биз дүйнөлүк туруксуздук жагдайында бюджетибиздин туруктуулугун жана улуттук коопсуздугубузду так ошентип гана камсыз кыла алабыз.

• Экономиканын       квазимамлекеттик        сектору      карызынын      деңгээлин      катаал көзөмөлдөө зарыл.
 
 Экинчиден, биздин инфратүзүмдү өнүктүрүүгө деген жаңы көз карашыбызпринципалдуу болууга тийиш.
Инфратүзүм экономикалык өсүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө тийиш.
Инфратүзүмдү эки багытта өнүктүрүү: улуттук экономиканы дүйнөлүк чөйрөгө киргизүү, ошону менен катар, инфратүзүм өлкө ичинде аймактарга багыт алуу зарыл.
• Өз  пайдабызды  кылдат  эсептей  отуруп,  Казакстандын  чегинен  тышкары
өндүрүштүк транспорттук-логистикалык объектилерди куруу үчүн, өлкөдөн тышка чыгууга назар оодаруунун мааниси чоң. Биз азыркы түшүнүктөрүбүздөн арылып, айакта жана бар ааламда – Европада, Азияда, Америкада, мисалы, деңизге түздөн-түз чыга ала турган өлкөлөрдүн порттору, дүйнөнүн чогурланган транзиттик түйүндөрүндөгү жана башка, транспорттук-логистикалык хабдар сыяктуу азыркы замандагы өнөр жайларды курууга тийишпиз. Ушул максатта
«Дүйнөлүк инфратүзүмдүк интеграция» атайын программасын даярдоо керек болот.
• Биз   өзүбүздүн   транзиттик   дараметибизди   өнүктүрүүгө   тийишпиз.   Азыркы
убакытта натыйжада 2020-жылы Казакстан аркылуу транзиттик ташуу эки эсеге көбөйүүгө тийиш боло турган бир катар ири жалпы улуттук инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашууда. 2050-жылга карата – бул цифра он эсе көбөйүүгө тийиш.
• Ушунун  баары  башкы  максатка  –  экспортубузду  тек  биздин  продукциябыз менен кызматтарыбызга деген узак мөөнөттүү керектөө боло турган дүйнөлүк рынокторго карай жылдырууга багынышы керек.
• Инфратүзүм жасоо, ошону менен бирге, ийгиликтүүлүк мыйзамына багынууга тийиш. Жаңы бизнестерди өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын ачууга боло турган жерде гана курулуш жүргүзүү зарыл.
• Алыскы     түпкүрлөрдө      же     тургундарынын       жыштуулугу      жеткиликтүү       эмес аймактарды жашоого маанилүү жана экономикалык зарыл инфратүзүм объектилери менен камтуу үчүн биз «инфратүзүмдүк борборлор» курууга тийишпиз. Бул үчүн транспорт системасынын алдыңқы инфратүзүмүн курууну камсыз кылуу зарыл.

•  Өкмөткө      2013-жылы       Инфратүзүмдү       өнүктүрүү       жөнүндөгү       мамлекеттик программа даярдап, кабылдоону тапшырамын.
 
 Үчүнчүдөн, мамлекеттик активдерди башкаруу системасын жаңылоо.
Казакстан – дүйнөлүк алкакта көлөмү чакан экономика. Ошондуктан аны өтө натыйжалуу башкаруу керек. Өлкө бирдиктүү корпорация сыяктуу жумуш иштөөгө, ал мамлекет анын өзөгү болууга тийиш.
Корпоративдик ойдун кубаты бардык процесстердин бирдиктүү алып каралуусунда жатат. Бардык деңгээлдеги мамлекеттик башкаруучулар ушундай бизнес-баамдоого үйрөнүүгө тийиш.
Кайталап айтам: өлкөнүн бюджетин жай бөлүп гана койбой, ойлуу да, салмактуу инвестициялоо зарыл.
Натыйжалуулуктун башкы көлөмү – биздин салымдарыбыздан түшө турган кайтарым деңгээли. Өлкөнүн өндүрүштүк күч-кубатын канчалык көбөйтө алсак, Казакстан эл аралык рынокто кошумча эмес, ылдамыраак күчтүү оюнчуга айланат.
•  Улуттук фонд жаңы экономикалык саясатка өтүүнүн «локомотиви» болууга тийиш. Улуттук фонддун каражатын биринчи кезекте узак мөөнөттүк стратегиялык долбоорлорго багыттоо керек. 2013-жылы Улуттук фонддо каражат топтоо улантылууга тийиш, бирок бул каражатты болушунча натыйжалуу жана ойлоштуруп пайдалануу керек.
•  Мамлекет     Үчүнчү     индустриалдык       революция     натыйжасында       пайда     боло турган секторлорду эскере отуруп, улуттук компаниялар аркылуу келечектин экономикасын өнүктүрүүнү ынтаалантууга тийиш. Улуттук индустрия биз өз өлкөбүздө өндүрүүгө тийиш эң жаңы композиттик материалдарды тутунуусу керек.
• Мамлекет маалыматтык технологиялар тармагында транзиттик мүмкүнчүлүктү өнүктүрүүнү ынтаалантууга тийиш. 2030-жылга қарата Казакстан аркылуу биз дүйнөлүк маалыматтык агымдардын кем дегенде 2-3%ын өткөрүүгө тийишпиз. 2050-жылга қарата бул цифра кем дегенде эки эсеге артууга тийиш.
• Ошондой     эле,    жеке     компаниялардын      өз    каражатын      изилдөөлөр      менен инновацияларга салышын ынтаалантуу керек. Бул нерсени баса айткым келет: инновацияларды киргизүүнүн мааниси чоң, бирок бул башкы объект эмес. Биздин  жаңы  технологиялар  керектөөгө  ээ  болгондо,  алар  рынокто  зарыл болгондо гана калк конкреттүү пайда ала турган болот. Андай болбогон күндө инновация – акчаны бекерге чыгымдоо деген сөз.

• Жекелеген   компаниялар   менен   тармактарды   иргеп   колдоо   тажрыйбасын
токтотуу керек. Биз социалдык-маанилүү стратегиялык функцияларды аткарчу жана өзүнүн натыйжалуулугун далилдей ала турган тармактарды гана колдоого тийишпиз.
 
 Төртүнчүдөн,  табигый  ресурстарды  башкаруунун  түп-тамыры  менен  жаңысистемасын киргизүү зарыл.
Биз ресурстарды экономикалык өсүүнү, масштабдуу тышкы саясий жана тышкы экономикалык макулдашууларды камсыз кылуу үчүн Казакстандын маанилүү стратегиялык артыкчылыгы  иретинде пайдаланууга тийишпиз.
•  Азырдын      өзүндө     чийки     заттын     жаңы         каржылык      кыйроо     жагдайында
туруксуздукка учурай турган эл аралык рынокторго чыгууну болушунча тездетүү зарыл. Биздин негизги импорттоочуларыбыз чийки зат сатып алууну олуттуу кыскартуусу, а баа чукул төмөндөөсү мүмкүн. Ал биздин алдыңкы стратегиябыз кийинчерээк өлкөгө ыктымал дүйнөлүк кризис убакытынан аман өтүүгө жардамдаша турган каражатты рыноктордун туруксуздануусу башталганга чейин өтө тез топтоштурууга мүмкүнчүлүк берет.
• Технологиялык революция чийки затты тутунуу түзүлүшүн өзгөртөт. Мисалы,
композиттер технологиясын жана бетондун жаңы түрлөрүн киргизүү темир кени менен көмүрдүн запастарын керектөөнү азайтат.
Бул – азыркы жогорку дүйнөлүк керектөөнү калктын  мүдөөсүнө  пайдалануу үчүн табигый ресурстарды  өндүрүү менен дүйнөлүк  рынокко жеткирүүнүн темпин арттыруунун дагы бир фактору.
• Көмүр  сутеги  чийки  затынын  рыногунда  ири  оюнчу  болуп  кала  отуруп,  биз
энергиянын альтернативдүү түрлөрүн өндүрүүнү өнүктүрүүгө, күн менен шамалдын энергиясын пайдаланчу технологияларды активдүү киргизүүгө тийишпиз. Бул үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. 2050-жылга қарата өлкөдө энергиянын альтернативалык жана жаңылануучу түрлөрүн кошо алгандагы бардык энергия тутунуунун үлүшү кем дегенде тең жарымына жетүүгө тийиш.

 ***

 Эгер улутубуз чийки зат ресурстарынан түшө турган кирешелерди 35 жылдан кийин пайдалангысы келсе, буга бүгүндөн баштап даярдануу керек. Бизге атайын стратегия даярдоо – бардык ири корпорациялар менен концерндер тажрыйбасындай алдыда турган бардык жылдарга бардык жумушту бөлүп пландоо үчүн басымдыктарды, өнөктөштөрдү аныктап алуу зарыл.
Бул – биздин төл тарыхыбыздын башкы сабагы: Качаган кени боюнча сүйлөшүүлөр менен даярдыкты биз мындан 20 жыл мурда дээрлик баштадык, ал натыйжасын тек азыр гана алууга кириштик.
Стратегияны даярдоонун негизги багыттары:
•  Аймактар       инвестицияларды  тартууга  кызыкдар  болуусу  үчүн  жер  койнун пайдаланууга мораторийин жоюу зарыл.
•  Биз  жөнөкөй  гана  чийки  зат  берүүдөн  энергия  ресурстарын  кайра  иштетүү
жана өндүрүштү өтө алдыңкы технологиялар менен алмаштыруу багытындагы кызматташтыкка өтүүгө тийишпиз. 2025-жылга карата биз өз  рыногубузду жаңы экологиялылык стандарттарга ылайык күйүүчү-майлоочу материалдар менен толук камсыз кылууга тийишпиз.
•  Биз  инвесторлорду  өлкөбүзгө  азыркы  замандык  эң  жогорку  өндүрүү  жана
кайра иштетүү технологияларын алуу шарты менен гана тартууга тийишпиз. Биз инвесторлорго өлкөбүздүн аймагында эң жаңы өндүрүш орундарын Кура турган болсо гана чийки заттарыбызды өндүрүү менен пайдаланууга уруксат берүүгө тийишпиз.
•  Казакстан инвестиция үчүн аймактык тартуу чордону болууга тийиш. Биздин
өлкөбүз инвестиция үчүн жана технологиялар трансферти үчүн Евразиядагы эң тартымдуу мамлекет болууга тийиш. Мунун принциптүү мааниси бар. Биз инвесторлорго колдо бар артыкчылыктарыбызды көрсөтүүгө тийишпиз.
•  Бардык өндүрүүчү өнөр жайлары тек экологиялык зыянсыз өндүрүштү иштетүүгө
тийиш.
 
 Урматтуу ата мекендештер!
Улут келечеги менен мамлекет коопсуздугу максатында көмүр сутеги чийки затынын стратегиялык «резервин» куруу керек. Стратегиялык резерв өлкөнүн энергетикалык коопсуздугунун пайдубалы болот. Ошентип, биз ыктымал экономикалык силкүүлөрдүн жагдайына дагы бир коргонуу чебин курабыз.

 Бешинчиден, бизге индустриялаштыруунун келерки фазасынын планызарыл.

Эки жылдан кийин тездетилген инновациялык индустриялаштыруу программасын ишке ашыруунун биринчи беш жылдыгы аяктайт.

Өкмөт индустриялаштыруу программасынын келерки фазасынын бардык майда- чүйдөсү менен планын даярдоого тийиш. Перспективалык технологиялык багыттарды өнүктүрүүнүн сценарийи зарыл.
Натыйжада экспорттун жалпы көлөмүндөгү чийки заттык эмес экспорттун үлүшү 2025-жылга карата эки эсе, ал эми 2040-жылга карата үч эсеге көбөйүүсү керек.
Бул үчүн эмне кылуу зарыл?
•  2050-жылга карата Казакстан өзүнүн өндүрүштүк активдерин эң жаңы технологиялык стандарттарга ылайык толук жаңылантууга тийиш.
Атаандаштыкка эң жөндөмдүү тармактарда биз ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жаңы рыноктук орундарды калыптандыруу стратегиясын активдүү даярдоого тийишпиз. Бул, асыресе, БСУга кирүү жагдайыбыз менен алып караганда, индустриялаштырууга каршы таасирлерди болтурбоого мүмкүнчүлүк берет.
Ата мекендик товарлар атаандаштыкка жөндөмдүү болууга тийиш. 2012-жылдың 1-январынан баштап Казакстандын, Россия мен Беларустун катышуусу менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти куруунун иш жүзүндөгү мезгили башталды.
Жыйынтык ИДПсы 2 трлн. АКШ доллары болчу, 170 млн. тутунуучуну бириктирген ушул кең алкактагы рынок биздин бизнести атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө үйрөтүүгө тийиш. Бул иретте ушул экономикалык-интеграциялык процессте Казакстан өз эгемендигинин бир мыскалын да жоготпойт.
•  Биз экспортко багытталган чийки заттык эмес секторду кеңейтүүгө негизделген жаңы өндүрүштү өнүктүрүүгө тийишпиз.
•  Биз Тездетилген индустриялык-инновациялык өнүгүүнүн мамлекеттик программасын өнөр жайлык кубаттуулуктарды импорттоого жана технологияларды алмаштырууга багыттоого тийишпиз. Бул үчүн бизге биргелешкен эл аралык компаниялар менен өлкө үчүн пайдалуу өнөктөштөрдү табуу жана өнүктүрүүнүн кичи программасы зарыл.
•  2030-жылга  карата  Казакстан  космос  кызматтарынын  дүйнөлүк  рыногундагы өз ордун кеңейтип,  башталган бир катар  долбоорларду ойдогудай аяктоого жетишүүгө тийиш. Мен Астанадагы космостук аппараттарды жыйноо-сыноодон өткөрүү комплексин, алыскы аралыктан зонддоо космостук системасын, космостук мониторинг менен жердеги инфратүзүмдүн улуттук  системасын жана жогорку тактыктагы спутниктик навигация системасын айтып отурам.

• Эки  жетектөөчү  инновациялык  кластерди  –  Назарбаев  Университетин  жана Инновациялык технологиялар паркын өнүктүрүүнү улантуу керек. Бизге төмөн көмүр тектүү экономикага тез өтүү зарыл.
2013-жылы «жашыл көпүрө» эл аралык уюмун курууну, ошондой эле, Алматынын тегерегиндеги төрт шериктеш шаарда Green4 долбоорун ишке ашырууну баштоону сунуштаймын.
Өлкөнүн өнүгүүсү «жашыл» жолго өтүүгө Астанадагы алдыда турган ЭКСПО – 2017 кубаттуу ыргак тийиш. Астанада Илим менен техниканын эң мыкты дүйнөлүк жетишкендиктери сунуштала турган болот.
Көптөгөн казакстандыктар биз қол созуп отурган «келечектин энергиясын» өз көздөрү менен көрө алышат.
 
 
***
Азыр мен өлкөбүздүн Үчүнчү индустриялык революцияга даярдыгынын шарты болуп табыла турган эң принципалдуу маселелерин атап өттүм.
 
 Алтынчыдан, айыл чарбачылыгын, асыресе, айыл чарбачылыгыпродукциясына өсүп отурган дүйнөлүк керектөөчүлүк жагдайында масштабдуужаңылануу зарыл.
Дүйнөлүк азык-түлүк рыногунун лидери болуу жана айыл чарбачылыгы өндүрүшүн арттыруу үчүн бизге төмөнкүлөр зарыл:
 
•  Эгин аянтын кеңейтүү. Мындай мүмкүнчүлүк бардык өлкөлөрдө боло бербей тургандыгын атап өтөм.
•  Эгин түшүмүн, эң алды менен жаңы технологиялар киргизүү эсебинен олуттуу көтөрүү зарыл.
•  Биз дүйнөлүк деңгээлдеги мал чарбачылыгынын жем-чөп базасын куруу үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээбиз.
•  Биз экологиялуулукка баса назар бөлө отуруп, улуттук атаандаштыкка жөндөмдүү бренддер курууга тийишпиз. Натыйжада мен агроөнөржайлык комплекстин алдына – экологиялык таза өндүрүш тармагындагы дүйнөлүк оюнчу болуу милдетин жүктөйм.

 
Айыл  чарба  продукцияларын  кайра  иштетүүдө  жана  соодада  фермердикменен чакан жана орто бизнести   өнүктүрүү.
Бул – өзөктүү милдет. Бул арада бизге:
• Жер өңдөө маданиятын өзгөртүү жана жаңы илимий, технологиялык, башкаруучулук жетишкендиктерди эскере отуруп, мал чарбачылыгындагы традицияларыбызды жаңылантуубуз зарыл.
•  Өтө ири экспорттук рынокту өздөштүрүү үчүн биз кандай азык-түлүктүн жапырт өндүрүшүн башкы кылып аларыбызды айкындап алышыбыз керек.
Кабыл     алынган     иш-чаралардын       натыйжасында       2050-жылга      карата      өлкөнүн ИДПсында айыл чарба продукциясынын үлүшү 5 эсеге көбөйгөн болушу керек.
2013-жылдын өзүндө Өкмөткө төмөнкүлөрдү тапшырам:
•  Өлкөнүн агроөнөржай комплексинин 2020-жылга чейинки өнүгүүсүнүн жаңы программасын даярдоо .
•   2020-жылга карата айыл чарбачылыгын мамлекеттик колдоонун көлөмүн 4,5 эсе арттыруу.
•  Эң жаңы агротехнологияларды колдонууга багытталган орто жана ири товардык айыл чарбачылык өндүрүштөрүн куруу жөнүндөгү мыйзамдык жана экономикалык кызыктыруу системасын иштеп чыгуу.
•  Берилгенден   кийин   белгилүү   бир   убакыттын   ичиндер   өздөштүрүү   колго алынбаган жерлерге салык өлчөмүн жогурулатууну киргизүү.
 
 
Жетинчиден,  өлкөбүздүн  суу  ресурстарына  тишелүү  жаңы  саясат  иштепчыгуу зарыл.
Айыл чарбачылыгы муктаждыгы үчүн бизге өтө көп суу көлөмү зарыл болот. Ушуга байланыштуу биз:
•  Башка     өлкөлөрдөгү,       мисалы,     Австралиядагы       суу     менен     камсыз      кылуу проблемаларын чечүүнүн алдыңкы тажрыйбасын кылдат изилдеп, аны биздин жагдайыбызда пайдаланууга тийишпиз.
•  Бизде олуттуу запасы бар жер асты сууларын өндүрүү менен аны сарамжалдуу пайдалануунун эң алдыңкы технологияларын киргизүү зарыл.
•  Агроөнөр жай секторунда нымдуулукту сактоо технологиясына коплекстүү түрдө өтүүгө тийишпиз.
Коомубуздагы ой жүгүртүүнү түп-тамыры менен өзгөртүү зарыл. Биздин эң асыл табигый байлыгыбыз – сууну ысырап кылууну токтотушубуз зарыл.

2050-жылга карата Казакстан суу менен камсыз кылуу проблемасын толук чечүүгө тийиш.
Өкмөткө ырааты менен, биринчи этапта 2020-жылга карата – тургундарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу, 2040-жылга карата сугат проблемасын чече турган узак мөөнөттүү программа жасоону  тапшырам.
 
 
2.   ИШКЕРДИКТИ – УЛУТТУК ЭКОНОМИКАНЫН ЖЕТЕКТӨӨЧҮ КҮЧҮН АРТАРАПТУУ КОЛДОО.
Ата мекендик ишкердик жаңы экономикалык багыттын кыймылдатуучу күчү болуп табылат.
Чакан жана орто бизнестин экономикадагы үлүшү 2030-жылга карата, эң аз дегенде, эки эсе өсүүгө тийиш.
Биринчиден, биз адамга ал үчүн мамлекет бардык проблемаларын чечип берүүсүн күтпөй, өзүн бизнесте сындап көрүүгө, алардын өлкөдө жасалып жаткан экономикалык өзгөрүштөргө толук кандуу катышуусуна шарт түзүшүбүз керек.
Ишкердик маданияттын деңгээлин көтөрүү менен ишкердик демилгени ынтаалантуунун мааниси чоң.
Ал үчүн төмөнкүдөй чаралар зарыл:
•  Чакан жана орто бизнестин бирикмелер менен кооперацияларга умтулуусун көтөрмөлөө, аларды колдоо менен көтөрмөлөөнүн системасын жасоо.
• Жергиликтүү  бизнес-демилгелерди  көтөрмөлөө  жана  азыраак  кийлигишип, бирок катуу жөнгө салуу эсебинен ички рынокту өнүктүрүү.
•  Бизнеске жасалма тоскоолдуктар жарата турган мамлекеттик чиновниктер үчүн жаңы, кыйла катаал жоопкерчилик системасын киргизүүнү караштыруу.
• Жаңы жагдайларды, анын ичинде биздин Евразиялык экономикалык мейкиндикке катышуубузду, алдыда Бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна (БСУ) кире турганыбызды эскере отуруп, ата мекендик ишкерлерди колдоо механизмдерин жакшыртуу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо менен илгерилетүү үчүн зарыл бардык чараны кабылдоо.
Бүгүнкү күндүн милдети – майда ишканалар менен жеке ишкерлерди орто деңгээлге көтөрүү үчүн жагдай жана керектүү шарттарды калыптандыруу.
Тилекке каршы, азыркы убакытта чакан жана орто бизнеске салык салуу системасындагы кыйчалыштар алардын өнүгүүсү менен өсүүсүнө кедерги келтирүүдө. Ошондуктан Өкмөт 2013-жылдын соңуна чейин мыйзамдарга микро, чакан, орто жана ири бизнес түшүнүктөрүн айкын аныктоого багытталган өзгөртүүлөр киргизсин. Бул тушта биз чакан жана орто ишкердик сегменттерине түшө турган күчтү оор кылбоого тийишпиз.

Мен Өкмөткө 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгынын соңуна чейин Казакстан жарандарынын турмуш-тиричилигинин коопсуздугуна түздөн-түз таасир кылбаган бардык уруксаттар менен лицензияларды кайтарып алып, аларды билдирүүлөр менен алмаштырууну  тапшырамын.
Мыйзамдык негизде бизнеске сунуштала турган товар, жумуш жана кызмат сапатын көзөмөлдөө маселелерин өзү жөнгө сала турган жагдай туудуруу зарыл. Бизге тутунуучулар үчүн сот чечимдерин кабылдоонун көп деңгээлдүү системасын алып таштап, алардын укугун коргоонун жаңы системасын даярдап чыгуу керек.
Экинчиден, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгү принцибине негизделген ишенимдүү диалог куруу үчүн бизнести топтоштурууну улантуу керек, ал бул жаңы стратегияны жүзөгө ашырууда кеңири масштабды жана бардык ишкерлердин тартылуу милдетин чечип берет.
Эл аралык тажрыйбаны талдоо көрсөткөндөй, ишкерлердин палаталарга топтошуусу
–   экономиканын натыйжалуулугунун маанилүү факторунун бири, ошентип иштеген жерлерде «мыкты бизнес – мыкты мамлекет» принциби иш жүзүнө ашты.
Өкмөт «АТА МЕКЕН» Союзу менен биргелешип, Ишкерлердин улуттук палатасына милдеттүү мүчөлүктүн концепциялык моделин даярдады.
Аталган  модель  кесиптик-техникалык  билим,  асыресе,   айылдык   жерлер менен моно шаарлардагы чакан бизнести комплекстүү сервистик колдоо, тышкы экономикалык кызмат тармактарында мамлекеттик органдардын кеңири укуктары менен функцияларын түзүлө турган Ишкерлердин улуттук палатасына берүүнү камсыз кылат. Ишкерлердин улуттук палатасы Өкмөттүн ишенимдүү жана компетенттүү өнөктөшүнө айланат.
Ушуга байланыштуу Өкмөткө тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап, аны Парламентке келерки жылдын биринчи чейрегинде киргизүүнү тапшырамын.
Үчүнчүдөн, мамлекет өзүнүн ролун өзгөртүүсү тийиш. Бизге кең масштабдуу жекелештирүүнүн экинчи толкуну зарыл.
Бул оңой кадам эмес, анткени бул мамлекет менен рынок арасындагы жоопкерчиликти кайра бөлүшүүнү билдирет. Бирок биз экономикалык өсүүнүн жогорку ыргагын сактоо үчүн ушуга барышыбыз керек.
Жеке  бизнес  ар  качан  жана  бардык  жерде  мамлекеттен  көрө  натыйжалуураак аракет кылат. Ошондуктан биз стратегиялык эмес сыпаттагы ишканалар менен кызматтарды жеке колго берүүгө тийишпиз. Бул – ата мекендик ишкердикти күчөтүү үчүн өтө маанилүү кадам.

Бул жолдогу алгачкы кадам «Калктык ІРО» программасынын ийгиликтүү башталышы болду. Бул – эң алды менен улуттук байлыктын калктын колуна таратылып берилүүсү.
«КазТрансОйл» компаниясы тарабынан 28 миллиард теңгени жайгаштыруу тууралуу кабарланды жана азырдын өзүндө өтүнүчтөр сунуштан эки эсе ашып кетти.
 
 
3. СОЦИАЛДЫК      САЯСАТТЫН     ЖАҢЫ     ПРИНЦИПТЕРИ       –    СОЦИАЛДЫККЕПИЛДИКТЕР ЖАНА ЖЕКЕ ЖООПКЕРЧИЛИК
Биздин башкы максатыбыз – социалдык коопсуздук жана жарандардын бакубаттуулугу. Бул – коомдогу туруктуулуктун эң жакшы кепили.
Биздин коомдо убакыт сыноосуна жооп бере ала турган жаңыртылган жана кыйла натыйжалуу социалдык саясатка деген керектөө өсүп келет.
Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, социалдык саясаттын кемчиликсиз жана универсалдуу үлгүсү жок. Бул бардык жарандары ошол социалдык системага канаат кыла тургандай бирден-бир коомдун жоктугу сыяктуу.
Социалдык коопсуздук жана жарандардын бакубаттуулугу маселелерин чечүү – бул ар бир казакстандыкка таасир кылчу кыйын жана өте маанилүү милдет. Ошондуктан бул тушта ар бир кадам этият ойлоштурулган болууга тийиш.
Мен биздер башчылыкка алууга тийиш жана аларды эскере отуруп, социалдык адилеттүүлүк менен социалдык камсыз кылуу маселелерине деген көз караштарыбызга түзөтүү киргизе ала турган принциптерди өзүмдүн кандайча баамдай турганымды баяндап бергим келет.
 
 Социалдык саясаттын жаңы принциптери.
Биринчиден, мамлекет, асыресе, дүйнөлүк кризис жагдайында, жарандарга эң төмөнкү социалдык стандарт кепилдигин берүүгө тийиш.
Башкы милдет – кедейчиликтин өсүшүнө жол бербөө.
Кедейчилик эч бир казакстандык үчүн социалдык перспективага айланбоосу керек. Биз  өз  жарандарыбыз  үчүн  экономика  менен  бюджеттин  өсүшүнө  түздөн-түз көз каранды боло турган эң төмөнкү социалдык стандарттар менен кепилдиктерди белгилешибиз керек.
Алар буларды камтууга тийиш:

• Эң алды менен, адамдын керектөө тизмесин кеңейтүү жана ага билим берүү менен саламаттыкты сактоо баптарын киргизүү (анын ичинде, жумушсуздар менен эмгекке жөндөмсүздөр үчүн аларды болушунча социалдык коргоо максатында), жакшы тамактануу жана сергек жашоо салты, интеллектуалдык жана маалыматтык керектөөлөрүн өтөө ж.б.
• Конкреттүү  баалар  боюнча  адамдын  керектөөлөрүнүн  эсеби  (ага  ылайык, өлкөдөгү статистиканы жакшыртуу зарыл).
•  Экономиканын өсүшүнө байланган жашоо сапатынын стандарттарын этап-этап менен сапаттуу түрдө жогорулатуу. Ушул стандарттарды сактоо бүткүл социалдык тармакты бюджеттик каржыландыруу көлөмүн аныктоого тийиш. Бул бюджеттик процестердин ачыктыгын арттырат жана биздер бөлө турган каражаттын даректүүлүгүн күчөтөт. Өкмөткө тиешелүү мыйзам даярдоону тапшырам.
 
 Экинчиден, мамлекет социалдык колдоону тек ага муктаж топторго гана көрсөтүүгө тийиш.
Ал үчүн эмне кылуу керек?
•  Мамлекет коомдун социалдык абалы төмөн топторуна – пенсионерлерге, майыптарга, эмгекке жараксыздарга, бейтап балдарга ж.б. даректүү жардам үчүн толук жоопкерчилик ала турган болот.
•  Дайыма  социалдык  жана  пенсиялык  камсыз  кылуу  системасын  өнүктүрүп отуруу, энени жана баланы ар тараптуу коргоо зарыл.
• Бизде жумушсуздарды окутуу жана кайра даярдоонун эмгек рыногуна адистештирилген     айкын программалары болуусу керек. Мамлекет жумушсуздарга социалдык колдоону бул топко кире турган адам жаңы адистик өздөштүрүп, қайра даярдыктан өтүүгө бет бурган кезинде көрсөтүүсү керек.
• Жумуш  берүүчүлөр  калктын  социалдык  жагдайы  төмөн  топторун жумушка активдүү тартып, аларды эмгек акы менен камсыз кыла тургандай жагдай туугузуусу маанилүү. Эң алды менен, бул мүмкүнчүлүгү чектөөлүү адамдарга тиешелүү. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө ушундай кылат. Биз алардын толук кандуу эмгек кылуусуна жагдай туугузууга тийишпиз. Мамлекеттик жардам акыны тек гана, чыны менен эле жумуш иштей албагандар гана алууга тийиш. Жумушка майыптарды алып, аларга шарт түзүп берген компаниялар менен корпорацияларды көтөрмөлөө керек.

Үчүнчүдөн, биз аймактарды өнүктүрүүдө социалдык теңсиздик маселелерин чечүүгө көңүл бурууга тийишпиз.
Азыркы кезде бир катар аймактардын экономикалык жай өнүгүүсү эмгек менен камтуунун камсыз кылбагандыгына алып келет. Ошондуктан, калктын кирешесинин деңгээли да ар түрдүү болуп турат.
(1)    Эң алды менен, мамлекеттик органдардын аймактык өнүгүү багытындагы жумуштарын координациялоону күчөтүү зарыл.
Милдет – мамлекеттик жана тармактык бардык программалардын аткарылуусун аймактарды өнүктүрүүнүн басымдуулукка ээ милдеттерин чечүү аркылуу координациялоо.
Өкмөт 2013-жылдын биринчи чейрегинде эле аймактардагы керектүү жана келечеги бар долбоорлордун тизмесин аныктоосу жана тарифтөөсү тийиш.
 
(2) Өтүп бара жаткан жылда биз моно шаарларды өнүктүрүү программасын жүзөгө ашырууну баштадык. Жаңы жумуш орундарын ачууга, социалдык маселелерди чечүүгө, ишканалар жумушун жакшыртууга айтарлыктай ресурстар багытталды.
Биз жергиликтүү жерлерде башкаруунун сапатын жогорулатабыз. Бул жумуш менин жеке көзөмөлүмдө.
Ошондой эле, бизге аймактарда социалдык-экономикалык жагдайларды теңештирүүнүн натыйжалуу жаңы инструменттери зарыл.
Өкмөткө облустардын башчылары менен биргелешип, 2013-жылы чакан шаарларды өнүктүрүү жөнүндө программа кабылдоону тапшырамын. Бул алардын базасында көптөгөн индустриялык долбоорлорду ишке ашыра отуруп, узак мөөнөткө арналуусу керек. Алардын милдети – аймактардын тармактарга адистешүү системасын курууга жардамдашуу, ири агломерациялардын индустриялык-өндүрүштүк шериктеш шаарларга айлануу, акыр аягында, жергиликтүү элдин турмуш деңгээлин арттырып, айыл жаштарын жумуш менен камсыз кылуу.
 
(3) Бизге миграция маселелерин комплекстүү түрдө чечүү боюнча өлкө аймактарындагы эмгек рыногуна таасир кыла турган чаралар кабылдоо зарыл.
Кошуна өлкөлөрдөн келип жаткан миграция агымына көзөмөлдөөнү күчөтүү керек. Перспективалык милдет иретинде биздин алдыбызда чет өлкөлүк эмгек рыноктарына  көптөп  кетип  калбашы  үчүн  ата  мекендик  компетенттүү адистерге ыңгайлуу жагдай жасоо милдети турат.
Өкмөт 2013-жылы Миграция маселелерин чечүү жөнүндө комплекстүү план даярдап, бекитүүгө тийиш.

Өзгөчө назарды чек ара менен чектеш аймактарга бурган жөн. Алардын мүмкүнчүлүгү толук ачылган жок. Аларды жашоого ыңгайлуу кылуу зарыл. Өкмөт облустун башчылары менен биргелешип, 2013-жылы чек ара менен чектеш райондорду өнүктүрүү жөнүндө кошумча чаралар комплексин даярдоосу керек.
 
 Төртүнчүдөн, биз эмгек менен камтууну камсыз кылуу жана эмгек төлөмү саясатын жаңылоого тийишпиз.
(1)   Дүйнөлүк туруксуздуктун башкы коркунучу – жумушсуздуктун өсүшү. Өлкөдө жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттик да, тармактык да – бардык программалар, алардын кайсы бир бөлүктөрү эмес, бардыгы жумушка орноштурууну конкреттүү камсыз кылууга тийиш. Ошондуктан Өкмөткө, облус жетекчилерине жана акимдерге 2013-жылдын өзүндө эле төмөндөгүлөрдү ишке ашырууну тапшырамын:
•  Ишкердикти өнүктүрүү жана бизнести колдоо жөнүндөгү мурда кабыл алынган бардык программаларды интеграциялоо..
•  Бюджеттик      каражатты      жумушсуздардын        жана     адамдардын      киришесинин көрсөткүчү аз болгон аймактарга бөлүү механизмдерин даярдоо .
Бул жаңыланган программанын аткарылышына жаоопкерчиликти мен Премьер- Министрдин жеке өзү менен облус, район акимдерине жүктөйм.
(2) Мындан жарым жыл мурда, «Социалдык жаңылануу: Жалпыга Орток Эмгек Коомуна карай 20 кадам» аттуу макалам жарияланган соң,  Кесиптик  бирликтер жана эмгектин жөнгө салынуусу тууралуу Мыйзам даярдала башталды. Биздин максатыбыз – эмгекчилер мүдөөсүн эскерген ишкердик колдоону камтый турган эмгек катнаштарынын түп-тамыры менен жаңыланган үлгүсүн жасоо.
Күчүнө кирип, бардык эмгекчилердин мүдөөсүн коргоосу үчүн бул мыйзамдын кабыл алынуусун тездетүү зарыл.
(3) Өкмөт эмгек төлөмүнө жана андагы шайкеш эместиктерди кыскартууга тиешелүү такыр башка ыкмаларды табуу чараларын кабыл алуусу зарыл.
 
 
***
 
Жаңы этаптагы социалдык саясаттын маанилүү курамдуу бөлүгү иретинде эне менен баланы коргоону жарыялаймын.
 
Энени коргоо. Аялдарга кайрылуу.
Мамлекет үчүн жана менин жеке өзүм үчүн да энени коргоо – өзгөчө маселе.
 

Кымбаттуу айымдар!
 
Сиздер – үй-бүлөнүн, демек, мамлекеттин тирегисиздер.
Өлкөбүздүн келечекте кандай боло турганы балдарыбыздын боюна өзүбүз кандай тарбияны сиңире турганыбызга түздөн-түз байланыштуу.
Эң алды менен, биз кыздарыбыздын тарбиясына көп көңүл бөлүшүбүз керек. Алар – келечектеги жубай, болочок эне, чамгарактын чырагын жагуучулар.
Казакстан – светтик мамлекет. Жарандарды абийир эркиндиги менен  камсыз кыла отуруп, мамлекет коомго өз бети менен биздин каада-салттарыбызга жана мыйзамдарыбызга карама-каршы келе турган кандайдыр-бир коомдук нормаларды сунуштай турган аракеттерге өтө катуу қаршы турат.
Биз Казакстан кыздарынын сапаттуу билим алып, жакшы жумушка ээ болуусу жана көз карандысыз болуулары үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз зарыл.
Алар банк карточкаларына ээ болууга, унаа жүргүзүп, кызмат жолун калыптандыра алууга, заманга ылайык болууга, өзүн-өзү күтүүгө тийиш жана бизде эч качан кийилбеген, салтыбызга жат кийимдерге оронуп-чулганбоосу тийиш. Биздин калкыбыздын өз маданияты, өз үрп-адаты жана салты бар.
Калкыбыз «Кыздын жолу ичке» дегенге өзгөчө маани берет. Бойго  жеткендин жолу, кыздын жолу– кылдай, аны үзүүгө болбойт. Бойго жеткен кыз, аялзаты дайыма биздин коомдун тең укуктуу мүчөсү, а эне – коомубуздун эң ардактуу адамы.
Биз аялзатына – энеге, жубайга, кызга деген астейдил урматты кайра калыбына келтирүүгө тийишпиз.
Биз энени  коргоп-колдошубуз керек. Үй-бүлөлөрдө  аялдар  менен балдарга турмуштук зордук-зомбулук көрсөтүү жагдайларынын көбөйүүсү менин тынчымды алууда. Аялды урматтабоо деген болбошу керек. Так кесе айтайын, андай зордук- зомбулуктун жолу катаал түрдө буулушу керек.
Мамлекет абдан өнөкөткө айланган жыныстык кулчулукка, аялга товар иретинде караган көз карашка өзгөчө катаал түрдө тыюу салууга тийиш.
Биздин өлкөбүздө толук эмес үй-бүлөлөр көп. Мамлекет баланы жалгыз тарбиялап жаткан энелерге жардамдашуусу керек. Биз аялдар үчүн ийкемдүү эмгек түрлөрүн калыптандырып, үйдө жумуш иштөөлөрүнө шарт түзүшүбүз керек. Мыйзам, мамлекет жана мен, бардыгыбыз биздин айымдардын жагындабыз.
Биз мындан ары да өлкөбүздө аялдардын ролу артуусу үчүн бардык жагдайды жасай турган болобуз.Азыркы замандагы казакстандык аял кызмат иштөөгө умтулушу керек.

Аялдарды мамлекеттик жана коомдук башкаруу иштерине активдүү  тартқан жөн, асыресе, аймактардагы жергиликтүү деңгээлде. Алардын бизнес ачып, аны жүргүзүүсүнө да ыңгайлуу шарттарды жасаган абзел.
 
Баланы коргоо
Тынччылык өмүрдүн өзүндө бизде миңдеген жетимдер бар – балдар үйлөрү толгон. Бул, тилекке каршы, жалпы дүйнөлүк процесс жана ааламдашуунун сыноосу. Бирок биз бул процесс менен күрөшүшүбүз керек. Мамлекетибиз менен коомубуз жетимдерди багып алууну жана үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрү салынуусун көтөрмөлөөсү зарыл.
Эркектердин аялдар менен балдарга такыр жоопсуз маиле жасаган учурлары көбөйүүдө. Бул биздин үрп-адатыбызга, маданиятыбызга такыр жат нерсе.
Балдар – коомубуздун эң алсыз жана коргонсуз бөлүгү жана алар укуксуз болууга тийиш эмес.
Эл башчысы иретинде мен ар бир баланын укугу корголуусун талап кылам.
Биздин топурагыбызда тууган кез келген ымыркай – казакстандык. Жана мамлекет аны камкордугуна алууга тийиш.
Мен ажырашкандарга қаршымын, жаштарды үй-бүлө баалуулугу, ажырашуунун касирет экендиги рухунда тарбиялоо керек, анткени, анын кесепетинен, эң алды менен, балдар залака чегет. «Атасы кой бага албагандын баласы козу багууну билбейт». Бала тарбиясы – тек эненин гана эмес, ата-эненин экөөсүнүн тең милдети.
Ал эми болгон иш болуп калса, анда атасы алимент төлөөгө тийиш. Мамлекет жалгыз бой энелерди колдоосу жана алимент төлөбөгөнү үчүн жазаны күчөтүүсү керек.
Бала тарбиялоо – келечекке эң чоң инвестиция. Биз бул маселеге ушундайча карап, балдарыбызга жакшы билим берүүгө умтулушубуз керек.
Мен өсүп келе жаткан урпактын алдыңкы билим алуусу үчүн мүмкүнчүлүк туугузууга көп күч жумшадым: «Балапан» программасы жүзөгө ашып, Интеллектуалдык мектептер, Назарбаев Университети, «Болочок» программасы жумуш жасап жатат.
Өзүңүздөр билесиздер, ага тек даярдыгы бар жана таланттуу окуучулар гана өтө алышат. Баланы билим менен эмгекке даярдоо – ата-эненин парзы.
«Бар жакшылык – балдарга» урааны бардык ата-эне үчүн принципке айлануусу зарыл. Өкмөткө:
•  Эне  менен  баланы  коргоо,  ошондой  эле,  үй-бүлө  жана  нике  жаатында мыйзамдарды түп-тамыры менен кайра кароону;

•  Эне  менен  балага  каршы  багытталган  кылмышы  үчүн,  ошондой  эле,  ушу тармактагы  эң майда делген мыйзам бузуулар үчүн жазаны күчөтүүнү;
• төрөө менен көп балалуу болууну кызыктыруу системасын реформалоону – жеңилдетилген салык, медициналык жана социалдык кызмат, эмгек рыногунда жаңы мүмкүнчүлүктөр берүү жана ошол сыяктуу материалдык жана материалдык эмес кызыктырууларды камтый турган чаралар комплексин даярдоону;
• Өлкөдө жыныстык өзгөчөлүгү боюнча кемсинтүүчүлүккө жол бербөө жана иш
жүзүндө гендердик теңдик менен аялдарга эркектер менен тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууну тапшырамын. Бул өңүттө мен сөзүмдү эң биринчи жумуш берүүчүлөргө арнайм.
 
Улут саламаттыгы – биздин ийгиликтүү келечегибиздин негизи.
Саламаттыкты сактоонун улуттук системасын узак мөөнөттүү жаңыртуу алкагында биз өлкөнүн бардык аймагында медициналык кызматтар сапатынын бирдиктүү стандарттарын киргизүүгө, ошондой эле медицина мекемелеринин материалдык- техникалык жабдуулануусун бир тектүү кылууга тийишпиз.
Негизги басымдыктар:
• Сапаттуу жана жетиштүү медициналык кызматтар көрсөтүү менен камсыз кылуу.
•  Оорулар түрүнүн болушунча         кеңири  спектрин  диагностикалоо  жана  эмдөө менен камсыз кылуу.
•  Профилактикалык       медицина     оорунун     алдын     алуудагы      башкы     каражатка айлануусу тийиш.Эл арасында маалыматтык-түшүндүрүүчүлүк жумуш жүргүзүүгө баса көңүл коюу керек.
• «Смарт-медицина»,  ыраактык      профилактика       жана      эмдөө,   «электрондук медицина» кызматтарын киргизүү. Медицина кызматтарынын бул жаңы түрлөрү биздики сыяктуу аймагы чоң, кең мейкиндиктеги өлкөдө өзгөчө керектөөгө ээ.
•  Биз  балдарыбыздын  денсоолугу  камсыз  кылууга жаңы  ыкмалар  киргизүү маселеси менен жумуш жүргүзүшүбүз зарыл. Бардык 16 жашка чейинки балдарды медициналык кызматтын бардык спектри менен камтуу зарыл деп ойлоймун. Аны эң төмөнкү жашоо стандарттарына мыйзамдуу түрдө бекитүү керек. Бул кадам улут саламаттыгын камсыз кылууда маанилүү үлүш болот.
• Медициналык билим берүү системасын түп-тамыры менен жакшыртуу.  Медициналык жогорку окуу жайларынын системасы адистештирилген орто деңгээлдеги билим берүү мекемелери линиясы аркылуу күчөтүлүүгө тийиш.

Күндөлүктүү тажрыйба окуу процесси менен болушунча жуурулуштурулууга тийиш.
 
• Медициналык  жогорку      окуу     жайлары      жумушунун      тажрыйбалык   илимий-изилдөөчүлүк бөлүгүнө чоң маани берүү. Адамзаттын жаңы билимдери менен технологиялык жетишкендиктерин топтоштура турган жогорку окуу жайлары болууга тийиш. Мисал иретинде, ири жана натыйжалуулугу жогору медициналык борборлор болуп саналчу АКШдагы университеттик госпиталдарды келтирүүгө болот. Бул багытта да мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктү күчөтүү керек.
•  Жеке  медицинанын  өнүгүүсүнө  жагдай  жасоо.  Бардык  өнүккөн  мамлекетте медициналык кызматтардын айтарлыктай бөлүгүн жеке сектор көрсөтөт. Биз жеке ооруканалар менен бейтапканаларга тезирээк өтүүгө жагдай туугузууга тийишпиз.
• Мыйзамдык деңгээлде медициналык жогорку окуу жайлары менен мекемелердин эл аралык аккредитациясын өткөрүүнү бекитүү керек.
Азырга чейин айылдагы медициналык кызматтардын сапаты жөнүндө көп сын- пикирлер айтылат. А айыл тургундары бизде бүткүл элдин 43%ын түзөт.
Дене тарбиясы менен спорт мамлекеттин өзгөчө назарында болууга тийиш. Так ушул сергек өмүр салты улут саламаттыгынын ачкычы болуп эсептелет. Ошентсе да өлкөдө бардыгы үчүн жетиштүү спорт объектилери, спорт курал-жабдыктары жетишпейт. Ушуга байланыштуу Өкмөт жана жергиликтүү органдар дене тарбиясын, массалык спортту өнүктүрүү жана типтик долбоордогу дене тарбияден соолукту чыңдоо объектилери, анын ичинде, турак-жай үйлөрүнүн жанындагы объектилердин курулушу боюнча чаралар кабылдоо зарыл. Бул жумушту келерки жылы эле баштоо керек.
 
 
4.  БИЛИМ ЖАНА КЕСИПКЕ ҮЙРӨНҮҮ – ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮСИСТЕМАСЫНЫН, КАДР ДАЯРДОО МЕНЕН КАЙРА ДАЯРДООНУН НЕГИЗГИБАГЫТЫ.
Атаандаштыкка жөндөмдүү өнүккөн мамлекет болуу үчүн биз сабаттуулугу жогору өлкөгө айлануубуз керек.
Бүгүнкү ааламда жөнөкөй гана жалпы сабаттуулуктун жетишсиз болуп калганы качан. Биздин жарандарыбыз дайыма эң алдыңкы жабдуулар менен жана эң заманбап өнөр жайларда жумуш иштөө практикасын өздөштүрүүгө даяр болууга тийиш.
Ошондой эле балдарыбыздын, жалпы бардык жеткинчек урпактын функционалдык сабаттуулугуна да чоң көңүл бөлүү зарыл. Балдарыбыз азыркы заманга шайкеш болуусу үчүн бул өтө маанилүү.

Билим берүү тармагындагы биздин жумуштарыбыздын басымдыктары.
 
(1) Бүткүл дүйнөдөгү сыяктуу, Казакстан мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы усулдарына өтүүсү керек.
Сиздер билесиздер, мен башкы милдети балдарыбыздын баштапкы мүмкүнчүлүктөрүн теңештирүү болгон «Балапан» программасы демилгесин көтөрдүм.
Ал жүзөгө ашырыла баштаган учурдан бери 3 956 жаңы бала бакча менен чакан борборлор ишке кошулду.
Төрөө көрсөткүчүнүн жогорулугун, уланып жаткан демографиялык өсүүнү эскере келе, мен «Балапан» программасын 2020-жылга чейин узартуу чечимин кабылдадым. Өкмөт менен акимдердин алдына балдарды мектепке чейинки билим берүү жана тарбия менен 100%  камтууга жетишүү милдетин коёмун.
 
 (2)  «Казакстан – 2050» жаңы багытын эскере отуруп, Өкмөткө 2013-жылдан баштап эл аралык үлгүдөгү күбөлүктөр берүү аркылуу инженердик билим берүүнү жана заманбап техникалык адистиктер системасын өнүктүрүүнү камсыз кылууну тапшырамын.
Кесиптик-техникалык жана жогорку билим эң биринчи кезекте улуттук экономиканын адистерге деген азыркы жана келечектеги керектөөсүн болушунча өтөөгө багытталышы керек. Көп жагынан бул калкты эмгек менен камтуу маселесин чечип берет.
Жогорку окуу жайлары билим берүү кызматы менен чектелип калбоосу тийиш. Алар колдонмолуу жана илимий-изилдөө бөлүмчөлөрүн куруусу жана өнүктүрүүсү зарыл.
Биз академиялык автономия кепилдигин берген жогорку окуу жайлары тек окуу программаларын жакшыртуу менен чектелбей, өздөрүнүн илимий-изилдөөчүлүк кызматын да активдүү өнүктүрүүсү керек.
 
 (3)  Жеке бизнестин, өкмөттүк эмес жана кайрымдуулук уюмдарынын, жеке адамдардын социалдык жоопкерчилиги билим берүү тармагында өзгөчө көрүнүүсү керек. Бул эң биринчи кезекте татыктуу билим алууда окуу акысын өз алдынча төлөй албай турган жаштарга жардам берүүгө тиешелүү.
Ал үчүн зарыл чаралар:
• Жогорку жана орто билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгү линиясын куруу.

• Көп шатылуу окуу гранттары системасын даярдоо.
• Бүткүл өлкө боюнча илимий-изилдөөчүлүк жана колдонмолуу билим берүүнүн аймактык адистиктерди эскере турган адистештирилген окуу жайлары системасын куруу.
• Жогорку окуу жайларындагы окуунун экинчи курсунан баштап ишканалардагы милдетти өндүрүштүк тажрыйбаны  мыйзамдуу түрдө бекитүү.
 
 (4) Бизге окутуу усулдарын жаңыртуу жана аймактык мектеп борборлорун кура отуруп, билим берүүнүн онлайн-системаларын активдүү өнүктүрүү керек болот.
• Биз каалагандардын бардыгы үчүн ыраактан окутууну жана онлайн режиминде окутууну кошо алганда, ата мекендик билим берүү системасына инновациялык ыкмаларды, чечимдерди жана каражатарды интенсивдүү  киргизүүгө тийишпиз.
• Эскирген же талап кылынбаган илимий  жана билим предметтеринен арылуу, ошондой эле, талап көп жана келечеги бар багыттарды күчөтүү зарыл.
• Орто жана жогорку билим берүүнүн окуу пландарынын багыттуулугу менен басымдыктарын аларга тажрыйбалык машыгууларга үйрөтүү жана тажрыйбалык компетенттүүлүккө ээ болуу программаларын  кошуп өзгөртүү.
• Ишкердикке багытталган окуу программаларын, билим берүү курстары менен институттарын куруу керек.
 
Инновациялык изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн жаңы саясаты
Бүткүл дүйнөлүк тажрыйбанын көрсөтүүсүнчө, бардык инновациялык өндүрүштүк циклды жеке бир өлкөдө жүзөгө ашырууга тырышуу – велосипед ойлоп чыгаруу деген сөз. Бул – өтө кымбатка түшө турган жана дайыма натыйжалуу, жемиштүү боло бербей турган иш. Ийгиликке жетүү үчүн окумуштуулардын далай муунунун тажрыйбасына, тарыхый калыптанган илимий мектептердин атайын маалымат жана билимдеринин көп терребайт көлөмүнө негизделген өз алдынча илимий  база керек болот.
Жаңы технологиялык толкун жалына жармашып, теңдешсиз инновациялар жасоо бардык өлкөнүн колунан келе бербейт. Биз ушуну анык түшүнүүгө тийишпиз.
Ошондуктан биз өтө чыныгы, болушунча   прагматикалык  стратегия  курганыбыз жөн.
Биз чыгымы көп эмес изилдөөлөр менен иштеп чыгууларга таянууга тийишпиз.
Бизге өлкөбүзгө керектүү технологиялар трансферти менен аларды колдонуу үчүн адистерди окутуу керек. ЭКСПО – 2017 бул процесске түрткү берип, бизге келечектин энергиясын өнүктүрүү үчүн жаңы технологияларды тандап алууга жардамдашууга тийиш.

Биз – жаш улутпуз жана бул биздин колубуздан келет.
Ага кошо, биз кеңири эл аралык илимий-изилдөө долбоорлоруна абдан активдүү катыша алабыз. Бул бизге окумуштууларабыздын күч-жигерин чет өлкөлүк илимий-изилдөөчүлүк коомдоштук менен стратегиялык инновациялык багыттар боюнча интеграциялашууга мүмкүнчүлүк берет. Биздин максатыбыз – дүйнөлүк технологиялык төңкөрүштүн бөлчөгүнө айлануу.
• Биз 2013-жылдын өзүндө эле илим менен бизнестин толук кандуу кооперациясы жөнүндө чаралар кабылдоого тийишпиз. Өкмөткө технология трансферти мүмкүн боло турган тармактар аралык секторлорду  аныктоону  жана  аларга жер байлыктарын пайдалануучулар менен улуттук компаниялар тарабынан заказдарды сунуштоону тапшырамын.
• Келечеги   чоң улуттук кластерлерди калыптандыруу жөнүндө конкреттүү Жол карталарын даярдоо  өтө маанилүү.
• Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгү үчүн укуктук базаны аныктоону да тездетүү зарыл. Милдет – мындай өнөктөштүктүн бүгүнкү күндөгү эң алдыңкы каражаттары менен механизмдерин киргизүү.
• Автордук укуктар менен патенттер маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды кайра кароо керек. Өкмөт 2014-жылдын соңуна чейин буга чейин берилген бардык патенттер менен катталган автордук укуктарды алардын коммерциялануусунун ыктымалдуулугу боюнча талдоодон өткөрүүсү зарыл.
 
Урматтуу ата мекендештер!
Мен сөзүмдү, асыресе, жаштарыбызга арнагым келет.
Бүгүн мен жарыялаган жаңы саясий жана экономикалык багыт сиздерге жакшы билим берүүнү, демек мындан да татыктуураак келечек сыйлоону көздөйт.
Мен сиздерге –  жаңы муун казакстандыктарга ишеним артамын. Сиздер жаңы багыттын кыймылдатуучу күчүнө айланууга тийишсиздер.
Мамлекет башчысы иретинде мен дайыма сиздердин окууларыңыз менен өсүп- өнүүлөрүңүз үчүн бардык шарттарды түзүүгө тырыштым. Дүйнөлүк деңгээлдеги университетти, интеллектуалдык мектептерди ачтым, «Болочок» программасын курдум.
Азыр мамлекеттик жаштар саясатынын жаңы концепциясы даярдалууда.

Мамлекет сиздердин алдыңыздарда жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылуусу үчүн барлыгын жасоодо. Алар – сиздердин ата-энелериңиз деги эле ойлоп да көрбөгөн мүмкүнчүлүктөр.
Эсиңиздерде болсун: сиздердин ийгиликтериңиз – ата-энелериңиздин ийгилиги, туугандарыңыз менен жакындарыңыздын ийгилиги, үй-бүлөңүздөрдүн ийгилиги, бардык ата мекендештериңиздин ийгилиги, биздин Ата-Мекенибиздин ийгилиги.
 
5.  МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮ АНДАН АРЫ БЕКЕМДӨӨ ЖАНА КАЗАКСТАНДЫК ДЕМОКРАТИЯНЫ   ӨНҮКТҮРҮҮ
Биздин максатыбыз – мамлекеттик башкаруунун жаңы түрүн калыптандыруу. Ал коомго кызмат кылуу менен мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн жаңы милдеттерине ылайык болууга тийиш.
 
Биринчи. Бизге Мамлекеттик пландоо жана болжолдоо системасын андан ары жакшырта түшүү керек.
Коюла турган максат – пландар менен программаларды даярдоодо мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүү. Ушуга байланыштуу Өкмөткө бере турган тапшырмам:
• Менин баамдоомдогу Казакстандын 2050-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясын эскере отуруп, иште жана турмушта өлкөбүз жетекчиликке ала турган стратегиялык документтерди кайра кароо.
• Өлкөдө  Мамлекеттик  аудит  киргизүү  концепциясын  даярдап,  келерки  жылы Парламентке тиешелүү мыйзам долбоорун киргизүү. Бизге мамлекеттик аудиттин эң алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбасы негизинде комплекстүү система куруу зарыл.
• Экономикалык  стратегияларыбыз  жүзөгө  ашуусу  үчүн  мамлекет  кризистик жагдайларды алдын ала кыраакы түрдө билип, аларга каршы чара колдонууга тийиш. Бул үчүн бизге кризиске каршы аракет кылуунун көп деңгээлдүү системасын куруу зарыл.
Бизде ыктымал кризистик жагдайларга арналган стандарттуу иш-аракеттер жыйынтыгы болушу керек. Бул, асыресе, аймактар үчүн маанилүү. Ал системаны даярдоонун жүрүшүндө мен айткан бардык чакырыктарды эскерүү зарыл.
 
Экинчи. Биз башкарууну борбордон ажыратууну сабаттуу жүргүзүшүбүз керек.
Борбордон ажыратуу идеясынын мааниси – чечим кабылдоо үчүн укуктар мен зарыл ресурстарды борбордон аймактык бийлик органдарына берүү.

Биз 2013-жылы жоопкерчилик менен ыйгарым укуктарды борбор менен аймактар арасында бөлүштүрүү жөнүндө конкреттүү чараларды кабыл алышыбыз керек.
Жергиликтүү жерлердеги бийлик органдарынын ыйгарым укуктары каржылык жана кадрдык ресурстар менен күчтөндүрүлө турган болот.
Коом жана жарандар мамлекеттик чечимдер кабылдоо процесси менен алардын жүзөгө ашырылуусуна түздөн-түз катыштырылуусу зарыл. Жергиликтүү башкаруу органдары аркылуу калкка жергиликтүү маңызы бар маселелерди өз алдынча жана жоопкерчилик менен чечүүсүнө накта мүмкүнчүлүк берүү керек.
Мен Жергиликтүү башкарууну өнүктүрүү концепциясын бекиттим. Ал айылдык, селолук деңгээлде башкаруу сапатын арттырууга мүмкүнчүлүк жасайт жана жарандардын жергиликтүү маңызы бар маселелерге катышуусун кеңейтет.
Биз айылдык акимчиликтерге кошумча ыйгарым укуктар беребиз жана алардын айылдагы акыбалга таасирин күчөтөбүз.
Бирок, ошону менен бирге, бизге коомдук көзөмөлдөөнү, жергиликтүү жерлердеги акыбалга жарандардын таасирин күчөтүү керек. Ошондуктан мен маслихат (кеңеш) аркылуу айыл акимдерин шайлоо системасын киргизүү тууралуу чечим кабылдадым. Шайлоону биз 2013-жылдын өзүндө эле баштайбыз.
Бардыгы 2533 аким, анын ичинде селолук округдардын, кенттердин жана райондук маңызы бар 50 шаардын акими шайлана турган болот.
Бул бардык деңгээлдеги акимдердин жалпы санынын 91,7%!
Ошентип, биз жарандар менен түздөн-түз жумуш иштөөнү жана маселени жергиликтүү жерде чече турган бардык акимдерди шайлоо аркылуу  камтый турган болобуз.
Жарандардын жергиликтүү жерлердеги өзөктүү маселелерди чечүүгө, жергиликтүү бийлик органдарынын жумушун көзөмөлдөөгө активдүү аралаша турган убакыты келди.
Өкмөткө менин администрациям менен биргелешип, керектүү мыйзамдык актыларды даярдоону тездетүүнү, ал Парламентке алардын басымдуулук тартиби менен кабыл алынуусун камсыз кылууну тапшырамын.
Биз бүткүл аалам менен чогуу цивилизациялуу жол менен жүрүүгө жана коомдун андан ары демократиялашуусуна багыт кармоого тийишпиз.
Парламенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү жөнүндөгү саясатыбызды улантуу керек. Ошондой эле, борбордон ажыратууга тек жергиликтүү деңгээлде белгилүү бир ыйгарым укуктар бере ала турган жаңы бийлик органдарын куруу процесси иретинде кароонун кереги жок.

Борбордон ажыратуу – эң алды менен мамлекеттик башкаруу системасынын сапаттык өзгөрүүсү, маселелерди жергиликтүү деңгээлде чечүү системасын өзгөртүү.
Бул өңүттө  борбордон ажыратуу  жогорудан төмөн  карай башкаруу  бийлигинин алсыроосуна, аткаруучулук тартип менен ыраттуулуктун төмөндөөсүнө алып барбоого тийиш. Ага жол берүүгө болбойт. Жергиликтүү жерлердеги акимдер, өкмөт муну өзгөчө көзөмөлдөөдө кармоого тийиш.
 
Үчүнчү. Алдыбызда, мен бүгүн жарыялаған принциптерге ылайык, калкка жана мамлекетке кызмат кылууну бардыгынан жогору коё турган кесипкөй мамлекеттик аппарат  калыптандыруу милдети турат.
Биз мамлекеттик кызматтын кадрдык курамын иргөө жана кесиптик даярдыктын өнүккөн усулдарын киргизүү аркылуу сапаттуу түрдө жакшыртыбыз керек.
Башкаруучулук чечимдер мамлекет деңгээлинде төмөнкүдөй талаптарга ылайык болууга тийиш:
• Тек кыска мөөнөттүү гана эмес, узак мөөнөттүү натыйжаларды да эсепке алуу.
•  Башкаруучулук чечимдин мультипликативдүү таасирин эсепке алуу.
•  Адал атаандаштык жана ишкердиктин эркиндиги эрежелерин камсыз кылуу.
•  Мамлекеттик кызматчылардын кызматтык милдеттеринин эки түрдүү түшүндүрүлүшүн болтурбоо. Алардын кызматынын мыйзамдык жактан так регламенттелүүсү.
Жаңы талаптарды эскере отуруп, биз административдик реформанын экинчи этабын баштап кеттик.
Эң алды менен мамлекеттик аппарат реформаланат. Мен мамлекеттик кызматтын жаңы системасы тууралуу Мыйзамга кол койдум. Ал коррупцияга каршы чараларды күчөтүүнү, мамлекеттик кызматчыларды тандоодо ачыктыкты арттырууну, меритократия принциптерин киргизүүнү, демек жакшы кадрларды илгерилетүүнү камсыз кылат.
Биз Кадр саясаты жөнүндөгү улуттук комиссияны түзө турган болобуз. Мамлекеттик саясаттын конкреттүү багыттарын жүзөгө ашырууга жооптуу кесипкөй башкаруучулардын таптакыр жаңы тобу – «А» корпусу  түзүлөт.
«А» корпусуна биринчи кезекте жооптуу катчылар менен облус жетекчилеринин аппарат башчылары, комитет төрагалары, шаарлар менен райондордун акимдери кирет. Өзүмдүн администрацияма «А» корпусуна үмүткөрлөргө коюулуучу компетенттүүлүк талаптары тууралуу Жарлык долбоорун даярдоону тапшырамын.

Мындан ары мамлекеттик кызматчы кызматтык тепкичке этап-этап менен, бийлик иерархиясынын бир тепкичинен келеркисине өзүнүн көнүгүүсүн өнүктүрүп жана кесиптик деңгээлин жогорулата отуруп көтөрүлөт. Белгиленген көрсөткүчтөрдү ашыра аткаргандар менен өзүнүн натыйжасын көрсөткөндөргө жана жогору натыйжага жетишкендерге гана артыкчылык берилиши керек.
Мамлекеттик кызмат иштери жөнүндөгү агенттикке 2013-жылдын соңуна чейин мамлекеттик кызматчылардын кызматтык өсүүсүнүн таптакыр жаңы механизмин киргизүүнү тапшырамын.
Өзгөчө көңүлдү мамлекеттик кызматтар көрсөтүүнүн сапатын арттырууга буруу зарыл. Милдет – мамлекеттик аппараттын калк менен өз ара карым-катнаштарында бир тараптуу-өктөм көз караштардан арылып, жарандарга мамлекеттик кызматтарды натыйжалуу жана ылдам түрдө көрсөтүүгө өтүү.
Азыр Парламентке «Мамлекеттик кызмат тууралуу» мыйзам долбоору киргизилди. Аны 2013-жылдын биринчи чейрегинин соңуна чейин кабылдоо керек.
Биз мамлекеттик органдарды аларга таандык эмес функцияларды аткаруудан бошотуп, мамлекеттик институттардын өз алдынчалыгын сапаттык өңүттөн кеңейтүүгө тийишпиз. Өкмөт анын аткарылышын 2014-жылдан баштап жергиликтүү бюджетти калыптандыруунун жаңы механизмин киргизүүсү менен чогуу жүргүзүүсү керек.
 
Төртүнчү. Мамлекеттик аппарат бизнес-коомчулук менен жаңы өз ара иш-аракет системасын түзүүсү керек.
Биз бизнеске кийлигишпөөгө жана «бардыгын колунан жетелеп жүрбөөгө» тийишпиз. Биз бизнеске эртеңки күнгө деген ишенимдүүлүктү сиңирүүгө тийишпиз, ишкерлер өздөрүнүн күчүнө ишенүүгө жана мамлекет аларды алдабай, қоргой тургандыгын билүүгө тийиш. Алардан тек адал жумуш иштөө гана талап кылынат.
Бул үчүн биз,  биринчиден,  жеке  менчик  укугунун  бекемдигин  иш  жүзүндө камсыз кылууга кепилдик берүүгө тийишпиз деп эсептейм. Экинчиден, шарттык милдеттемелерди коргоого кепилдик берүү керек.
Мамлекеттин милдеттенмеси – жарандарга алардын ишкердик активдүүлүгүн жүзөгө ашырууга болушунча мүмкүнчүлүк берүү. Ал бул дегенибиз – ата мекендик бизнес үчүн инфратүзүм куруунун камын ойлоо.
 
(1)  Ушул максатта жаңы 2013-жылдын өзүндө улуттук укуктук системаны жаңыртуунун кезектеги этабын баштоо керек.

Мыйзам тек улуттук мүдөөлөрдү гана қоргоп койбой, тез өнүгүп жаткан эл аралык укуктук чөйрө менен да шайкеш болууга тийиш. Өкмөткө биздин укук системабыздын атаандаштыгын арттыруу үчүн жалпыга орток жана жеке укуктун бардыгынын базалык тармактарында зарыл чараларды кабылдоону тапшырамын.
 
(2)  Өкмөткө 2013-жылы менин администрациям менен биргелешип аткара турган төмөнкүдөй тапшырма беремин:
•  Кылмыштык   жана Кылмыштык-процессуалдык мыйзамдарды реформалоону баштоо керек. Андан ары гумандаштырууга, анын ичинде, экономикалык укук бузуучулукту кылмыштан айырмалоого маани берүү керек;
•  Парламентке   4   жаңы   кодексти:   Кылмыштык-процессуалдык,   Кылмыштык, Кылмыштык-аткаруучулук  жана  административдик  укук-бузуучулук  тууралуу кодексти даярдап, киргизүү керек.
Бул өзөктүү мыйзам актыларынын кабыл алынуусу кылмыштык сот ишин жүргүзүүнү жана эң алды менен, кылмышка каршы мамлекеттин күрөш саясатын концептуалдык өңүттөн жаңыртат, биздин укуктарыбызды азыркы сыноо-чакырыктарга өз даражасында аракет кыла тургандай деңгээлге көтөрөт.
 
Бешинчи. Мамлекет тартипсиздикке таптакыр жол бербөө принцибин карманууга тийиш.
Өнүккөн коом бардык жерде тартип менен ыңгайлуулукту камсыздоодон, оңтойлуу подъездден, жыйналган короодон, таза көчөдөн жана жарқын жүздүү адамдардан башталат.
Биз эң майда укук бузуучулук, бузуктук жана маданиятсыздык менен мамилеге келбешибиз керек, анткени, ушунун өзү коом тынчтыгын бүлдүрөт, жашоонун сапатына зыян келтирет.
Тартиптин жоктугу менен бардыгын жасай берсе болот дегендик андан да олуттуу кылмышка жол ачат.
Майда укук бузуучулукка жол бербөө – коомдук тартипти бекемдөөгө, кылмыш менен күрөшкө баштай турган маанилүү кадам.
Биз укуктук нигилизмди жеңип, кадамдарды коомдук тартипти коргоо ишине тартышыбыз керек.
Биз социалдык бүлдүрүүчү ниеттерди жумушка орноштуруу маселеси менен байланышта  карашыбыз  керек.  Биз  коомдук  орундардагы  бузуктук  аракет  үчүн жеке иш барагында жана резюмеде милдеттүү түрдө көрсөтүлүүчү жана жумушка кабылдоо, кызмат тепкичи боюнча өстүрүү кезинде эскертиле турган жазаны колдонууну киргизишибиз керек.

Мунун бардыгы коомдук турмуштун нормасы болууга тийиш.
 
Алтынчы. Мамлекет менен коом коррупцияга каршы күрөшө турган бирдиктүү күч болууга тийиш.
Коррупция – жөнөкөй укук бузуучулук эмес. Ал мамлекеттин кадыр-баркына деген ишенимди кетирет жана улуттук коопсуздукка карата түздөн-түз коркунуч болуп саналат.
Биз түпкү максатыбыз – коррупцияны кубулуш иретинде жоюу үчүн коррупцияга каршы мыйзамдарды өнүктүрүү аркылуу коррупция менен күрөштү катуу күчөтүшүбүз керек.
 
Жетинчи. Биз укук коргоо органдары менен атайын кызматтардын реформасын улантууга тийишпиз. Ансыз биз тартипсиздикке таптакыр жол бербөөнү калыптандыруу жана коррупцияны түп-тамыры менен жоюу жөнүндөгү милдеттерди чече албайбыз.
 
(1) Соңку үч жылда укук коргоо органдары менен атайын кызматтардын  бир катар маанилүү реформалары жүргүзүлдү. Бул – мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн маанилүү кадамы. Алардын иштеринин укуктук базасы жакшыртылды. Функциялары конкреттүү такталды. Кызматтын кайталануусу жоюлду. Кылмышка тиешелүү саясат гумандаштырылды.
Бардык укуктук түзүмдөрдүн кызматкерлери толук аттестациялоодон өткөрүлдү.
100 миңден ашуун адамдан 12,5 миң адам аттестациялоодон өтпөй калды жана органдардан чыгарылды.
 
(2) Биз бул жумушту андан ары уланта беребиз.
Менин администрациям менен Коопсуздук Кеңешине жана Өкмөткө биргелешип аткара турган төмөнкүдөй тапшырма беремин:
•  Укук     коргоо органдары кызматкерлерин эмгек акы менен камсыз кылуу жана пенсия менен камсыздоо деңгээлин көтөрүү жөнүндөгү иш-аракет планын даярдоо керек. Ушул 2013-жылдан баштап атайын наамдар үчүн төлөнүүчү кошумча акы өлчөмүн аскердик наамдар боюнча төлөнүүчү маяна деңгээлине чейин көтөрүүнү тапшырамын.
•  Укук коргоо органдарынын Кадр саясаты концепциясын даярдоо  керек.

•  Жогору аттестациялоо комиссиясы базасында укук коргоо органдарындагы кадр саясаты боюнча туруктуу жумуш иштеген түзүм куруу керек.
•  Укук  коргоо  жана  атайын  органдар  жетекчилеринин  Президенттик  резервин
калыптандыруу керек.
 
(3)  Менин администрацияма, Коопсуздук Кеңешине Өкмөт менен биргелешип, ведомство аралык жумуш тобун курууну жана 2013-жылдын экинчи чейрегинин аягына чейин Укук коргоо системасын андан ары жаңыртуу программасынын долбоорун даярдоону тапшырамын.
 
(4) Укуктук саясаттын маанилүү маселеси жарандардын Конституция кепилдик берчү сот аркылуу корголуу укугун жүзөгө ашыруусу болуп табылат.
Бул үчүн сот төрөлүгүн жүзөгө ашырууу процессин оңойлотуу, аны башы артык бюрократиялык тариздөөлөрдөн арылтуу керек. Жаңы маалыматтык технологияларды активдүү киргизген жагдайда муну иштөө кыйын эмес.
Ошону менен бир мезгилде соттордун жумушун жеңилдетүү максатында доолорду соттордон тышкары жөнгө салуу институттарын өнүктүрүүнү уланткан жөндүү. Болбогон маселелер боюнча доолорду чечүү соттордон тышкары тартипте жүргүзүлө тургандай механизмдерди караштыруу керек.
Сот бийлигинин кадыр-баркы сот чечимдеринин аткарылбагандыгына байланыштуу төмөндөйт. Ошондуктан, бул жагдайды түп-тамыры менен өзгөртүү боюнча чаралар кабыл алынууга тийиш.
 
(5) Чек ара кызматынын кең көлөмдөгү реформасын жүргүзүү керек. Милдет – анын натыйжалуулугун болушунча  арттыруу, материалдык-техникалык базасын жаңыртуу.
БулүчүнКоопсуздукКеңешинеменинадминистрациямжанаӨкмөтмененбиргелешип, Чек ара кызматын өнүктүрүүнүн жана мамлекеттик чек араны орто мөөнөттүү убакытта жакшыртуунун атайын комплекстүү планын даярдоону тапшырамын.
 
6.  ЫРААТТУУ ЖАНА БОЛЖОЛДОНГОН ТЫШКЫ САЯСАТ – УЛУТТУКМҮДӨӨЛӨРДҮАЛГАЛАТУУМЕНЕНАЙМАКТЫКЖАНАДҮЙНӨЛҮККООПСУЗДУКТУБЕКЕМДӨӨ.
Казакстан көз карандысыздык жылдарында эл аралык процесстердин тең укуктуу катышуусу болуп калыптанды жана биз оңтойлуу тышкы абалды түзүүгө жетиштик.

Биздин приоритеттерибиз өзгөрбөйт – коңшуларыбыз – Россия менен, Кытай менен, Борбордук Азия өлкөлөрү менен, ошондой эле, АКШ менен, Еврошериктештик менен, Азия өлкөлөрү менен өнөктөштүктү өнүктүрүү маселеси болуп табылат.
Биз Бажы союзун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти бекемдей турган болобуз.
Биздин жакынкы убакыттагы максатыбыз – Евразиялык экономикалык союз куруу. Ага ылайык биз маселелердин консенсус аркылуу чечиле тургандыгын так айта алабыз. Саясий көз карандысыздыкка кысым көрсөтүлбөйт.
Тышкы саясатыбызды теңдештирүү дүйнөлүк иш-аракеттерде олуттуу роль аткарчу жана Казакстан үчүн практикалык кызыгуучулук жаратчу бардык мамлекеттер менен достук жана болжолдуу карым-катынаштарды өнүктүрүү дегенди билдирет.
Анткен менен эл аралык жагдай жана геосаясий чөйрө тез өзгөрүүдө жана дайыма жакшы жагына карай оодарыла бербейт. Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштан Түндүк-Чыгыш Азияга чейин туруксуздуктун алп догосу созулуп жатат. Күчтөрдүн ара салмагы дүйнөлүк деңгээлде да, ошондой эле, Жер жүзүнүн жекелеген аймактарында да олуттуу өзгөрүштөргө учуроодо. Ага ылайык, БУУ, ЕККУ, НАТО, ЖККУ, ШКУ, АӨИЧК жана башка аймактык коопсуздук уюмдарынын ролу арта түшөт. Борбордук Азиянын жалпы улуттук коопсуздугуна коркунучтар пайда болууда.
Мындай жагдайда Казакстандын тышкы саясаты ички саясаты сыяктуу жаңыртылууга тийиш.
 
Тышкы саясатты жаңыртуунун басымдыктары:
•  аймактык жана улуттук коопсуздукту жан-жактуу бекемдөө;
• экономикалык жана соода дипломатиясын активдүү өнүктүрүү;
• маданий-гуманитардык,  илим-билим  жана  башка  чектеш  тармактардагы  эл аралык кызматташтыкты арттыруу;
•  жарандарыбызды укуктук коргоону, алардын чет өлкөлөрдөгү жеке, үй-бүлөлүк, ишкердик мүдөөлөрүн коргоону күчөтүү.
Биринчиден,  улуттук  мүдөөлөрдү  тышкы  саясатта  алдыга  жылдыруу  өзгөчө прагматикалык принциптерге негизделген.
Биздин милдеттерибиз: тышкы саясатты ар тараптандыруу, улуттук экономикалык жана соода мүддөөлөрүн илгерилетүү үчүн экономикалык жана соода дипломатиясын өнүктүрүү.

Экинчиден, биз мындан ары да аймактык коопсуздук үчүн өз жоопкерчилигибизди сезүүгө жана Борбордук Азияны турукташтырууга өз үлүшүбүздү кошууга тийишпиз.
Биздин милдетибиз – аймактагы жаңжалдуу жагдайдын себептерин жоюуга болушунча  жардамдашуу.
•Борбордук Азияны турукташтыруунун алдыңкы ыкмасы – аймактардын ичинде биригүү.Бизтакушулжолмененбиздинаймактынжаңжалболуумүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтүп, түйүндүү социалдык-экономикалык проблемаларды чечип, суу- энергетикалык жана башка да карама-каршылыктардын түйүндөрүн ажырата алабыз.
•  Биздин  үнүбүз  бүт  ааламга  угулуп  турушу  керек.  Ошондуктан  мен  Астана Экономикалык форумунда өзүбүз G-Global деп атаган диалогдун жаңы түрүн сунуштадым.
Жер жүзүндө бир да өлкө башынан кечирип жаткан доор коркунучтарын жалгыз өзү жеңе албайт. Менин демилгемдин мааниси – адилеттүү жана коопсуз коомду бекемдөө үчүн бардыгынын күчүн бириктирүү.
 
Үчүнчүдөн, биздин өлкөбүз эл аралык прогрессивдүү демилгелердин бардыгына колдоо көрсөтүп, дүйнөлүк коопсуздукка салымын кошо берүүсү керек.
•  Казакстан бардык кызыкдар өнөктөштөрү менен жана биздин коңшуларыбыз менен чогуу Ооганстан маселесин тезирээк саясий жөнгө салууга жана кайра калыбына келтирүүгө жетишүүгө тийиш.
• Казакстан Ислам Кызматташтык Уюмунун активдүү катышуучусу болуу менен, Жакынкы Чыгышты жөнгө салуу процессинин бейпилдигине чын ниеттен кызыгуучулук таанытат. Араб-ислам ааламындагы  элдик  эрөөлдөрдөн бошогон күч-кубаттын жаратмандык нукка багытталып, аймактын социалдык- экономикалык проблемаларын чечүүгө кызмат кылуусу маанилүү.
• Биз ылдам ыргак менен Азия-Тынч океан аймагынын өлкөлөрү менен экономикалык өңүттө жакындашууга тийишпиз. Бул бизге тек экономикалык дивиденд берип гана койбостон, тышкы саясатыбыздын тең салмактуулугун да бекемдей түшөт.
 
Төртүнчүдөн, Казакстан өзүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү менен аскердик доктринасын бекемдөөгө жана коргоо багытындагы ар кандай чараларга катышууга тийиш.

 
• Биз улуттук коргонуу моделин даярдоо менен ар түрдүү өлкөлөр жана уюмдар менен кызматташууга тийишпиз.
• Казакстан  ЖККУ  боюнча  шериктештери  менен  тыгыз  жумуш  иштей  турган жана тез аракеттенүүчү Жамааттык күчтөрдүн мүмкүнчүлүгү менен аскердик жөндөмүн арттырууга жардамдашат.
 
 
7. ЖАҢЫ КАЗАКСТАНДЫҚ ПАТРИОТИЗМ – БИЗДИН КӨП УЛУТТУУ ЖАНА КӨПКОНФЕССИЯЛУУ КООМУБУЗДУН ИЙГИЛИГИНИН НЕГИЗИ
Биздин бул багыттагы башкы максатыбыз карапайым жана түшүнүктүү: биз коомдук ынтымакты сактоого жана бекемдөөгө тийишпиз. Бул – биздин мамлекет иретинде, коом иретинде, улут иретинде жашашыбыздын айныгыс шарты.
Казакстан патриотизминин пайдубалы – бардык жарандардын тең укуктуулугу жана алардын Ата Мекен намысы алдындагы жалпы жоопкерчилиги.
Быйыл Лондон Олимпиадасында биздин спортчуларыбыз 205 улуттук курамакоманда арасынан 12-орунду алды.
Биздин команда көп улуттуу Казакстандын, көптөгөн этностордун бекем жана ынтымактуу үй-бүлөнүн бирдиктүү жоокерлери иретинде мелдешке катышты.
Олимпиададагы жеңиш салтанаты калкыбызды андан да жогору бийиктете алды, патриотизмдин улуу күчүн таанытты. Массалык спорт жана жогору жетишкендиктерди багынтуучу спорт тармагына комплекстүү мамиле жасоону талап кылат. Тек дени сак улут гана атаандаштыкка жөндөмдүү болмокчу.
Өкмөткө дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны эске алуу менен массалык спорт менен жогорку көрсөткүчтөргө жеткире турган спортту өнүктүрүү программасын даярдоону тапшырамын.
Биринчи. Жаңы казакстандык патриотизм.
Келечекке деген ишеним болбосо, толук кандуу мамлекет курууга болбойт. Мамлекет менен жарандын максаттары бардык багыттар боюнча шайкеш келүүсү жашоодо өтө маанилүү. Мамлекеттин башкы милдети да ушул.
Жарандар мамлекетке келечек үчүн, өнүгүү үчүн, жеке жана кесиптик жактан өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр болсо гана ишеним артат.
Мамлекет жана калк муну туюнуп, биргелешип жумуш иштөөгө тийиш.
Өз боюбузда жана балдарыбыздын боюнда жаңы казакстандык патриотизмди тарбиялашыбыз керек. Бул эң алды менен өлкөгө жана анын ийгиликтерине деген сыймыктануу сезимин жаратат.

Бирок азыркы учурда калыптанган мамлекеттин жаңы өнүгүү доорунда бул түшүнүктүн өзү жетишсиз. Биз бул маселеге прагматикалык өңүттөн карашыбыз керек.
Эгер мамлекет ар бир жарандын жашоо сапатына, коопсуздугуна, тең мүмкүнчүлүктөрүнө жана келечегине кепилдик бере турган болсо, биз өлкөбүздү сүйөбүз, аны менен сыймыктанабыз.
Ушундай ыкма гана патриотизмди жана адамдарды тарбиялоо маселесине прагматикалык жана чыныгы көз карашты ойготот.
2050-жылга карата биз Казакстандын кез келген жараны эртеңки күнгө, келечекке өтө ишенимдүү болгондой саясий системаны курушубуз керек.
Биздин балдарыбыз менен неберелерибиз өз Ата Мекенинде жашаганды артык көрүшү керек. Анткени, алар башка өлкөдөн көрө өз ата журтунда бактылуу болушу керек. Биздин өлкөбүздүн ар бир жараны өзүн өз жеринин ээси иретинде туюнууга тийиш.
 
Экинчи. Бардык этнос жарандарынын укуктарынын тепетеңдиги.
Биз – бардыгыбыз тең укуктуу, тең мүмкүнчүлүктөргө ээ казакстандыктарбыз.
Жаңы казакстандык патриотизм бардык коомду, бардык этностук ар тектүүлүктү бириктирүүгө тийиш.
Биз – көп улуттуу коомбуз. Улуттар аралык мамилелер маселесинде эч кандай кош стандарттуулук болбоого тийиш.
Мамлекетте бардыгы тең болууга тийиш. Этностук же башка да белгилер боюнча жакшы же жаман деген болбоого тийиш.
Бул маселе мен үчүн декларативдүү эмес. Эгер бирөөгө этностук белгиси боюнча кысым жасалса, анда бүткүл казакстандықтарга қысым жасалды деп эсептөө керек.
Эч кандай этноско эч кандай артыкчылык болбойт жана болбоого тийиш, бардыгынын укуктары менен милдеттери бирдей.
Биз тең мүмкүнчүлүктөр коомун, бардыгы мыйзам алдында бирдей боло турган коомду куруудабыз.
Биз эч качан окууга түшүү, жумушка туруу жана кызмат абалында өсүү этностук белги аркылуу чечилет дегенди ойго да албоого тийишпиз.
Мен Өкмөт менен акимдердин эмгек саясатына тартип киргизүүсүн талап кыламын. Жумушка, асыресе жергиликтүү бийлик органдарына этностук өзгөчөлүктөрүнө карабастан, мыктылар алынышы керек. Өлчөм бирөө гана – өтө жогорку адеп-аклак жана кесиптик жөндөмдүүлүгү. Министрликтер менен администрациялардын бардык муундарында кадр тандоодо байкала турган бир жактуулукту оңдоо керек.

Биздин коомубузда «артык» же «бөтөн», «биздики» же «биздики эмес» деген болбоого тийиш. Биз өлкөбүздүн бир дагы жаранын көңүлдөн тышкары калтыра албайбыз. Ар бир казакстандык  бийликтин колдой тургандыгын жана таяныч экенин сезүүгө тийиш.
Улуттардын этнос аралык ынтымагына шынаа кагууга тырыша тургандардын бардыгы да мыйзам менен куугунтукталат.
Мында өзгөчө жоопкерчилик бизге, казактарга артылат. Казакстан – биздин касиеттүү мекенибиз.
Кийинки урпак ушундай кастарлуу өлкөдө жашап, өсүп-өркүндөй турган болот.
Казак жерине тагдырдын жазуусу менен ар албан түрдүү улут өкүлдөрү жер которгон.
Биз аларга кучагыбызды ачып, казактык меймандостугубуз менен кабыл алдык. Алар биздин өлкөбүздө өсүп-өнүп, боорлорубузга айланды.
Азыр биз көп улуттук жышааны бар, бирдиктүү элбиз. Ааламдашуу доору – көп улуттуу мамлекеттер доору. Бул – дүйнөлүк процесс.
Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө бардык улут менен этнос өкүлдөрү чогуу салымын кошушту.
Андай болсо, көз карандысыз казак калкынын жарандарын алалоого, боордоштугун бузууга эч кимдин акысы жок.
Бардык улут өкүлдөрү менен тил табышып, ынтымак-ырашкердикте, тынччылык менен биримдикте жашоо – бардык казактын башкы принциби болуусу шарт.
Өз калкын сүйгөн адам, өз элине жакшылык каалаган адам башка элди таарынтпайт, өз улутун эч кимге каршы койбойт.
Биз өлкө ээси иретинде бийик боло билсек, башкаларга сыйлуу болобуз.
Тил тууралуу жоопкерчилиги жогору саясат биздин коомубузду андан ары бириктирүүгө  башкы фактор болууга тийиш.
Биз алдыдагы убакытта да мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндөгү комплекстүү чараларды жүзөгө ашырууну чечкиндүүлүк менен уланта беребиз.
Кез келген тил башка тил менен карым-катнашка түшкөндө гана өсүп-өнүгөөрүн дайыма эсте сактаган жөн.
Азыркы замандагы илимий терминологиянын негизин латын тилинен кирген сөздөр курайт. Маалыматтык технология өнүккөн бүгүнкү мезгилде күн сайын дээрлик англис тили дүйнө жүзүнүн калктарынын тилдерине жаңы сөздөр менен түшүнүктөр аркылуу батыл кирүү үстүндө. Бул тенденциядан биз да тышкары калбашыбыз керек.

 
Казак тилинин замандын бийик талабына ылайык, бай терминологиялык корун түзгөн соң аны ыраат-ырааты менен, этап-этабы менен коомдук өмүрдүн бардык тармактарына батыл киргизишибиз керек.
Мамлекеттик тил менен катар Казакстанда жашаган бардык улуттар менен этностордун тилин, маданиятын жана каада-салтын өнүктүрүүгө болушунча жагдай жасоону алдыдагы убакытта да уланта беребиз.
 
Үчүнчү. Казак тили жана тилдердин үч таянычтуулугу.
Жоопкерчиликтүү тил саясаты казак улутун бириктирүүчү башкы факторлордун бири болуп табылат.
 
(1)  Казак тили – биздин руханий негизибиз.
Биздин милдетибиз – аны бардык тармакта активдүү пайдалануу менен өнүктүрүү. Биз урпактарыбызга бабаларыбыздын нечендеген муунунун тажрыйбасынан өтүп, биздин да кошкон салымыбыз менен толукталып жаткан азыркы тилди мураска калтырууга тийишпиз. Бул – өзүн сыйлаган ар бир адам өз алдынча чечүүгө тийиш болгон милдет.
Мамлекет өз тарабынан мамлекеттик тилдин позициясын бекемдөө үчүн көп жумуш аткарып келет. Казак тилин кеңири колдонуу жөнүндөгү комплекстүү чараларды жүзөгө ашырууну улантуу керек.
• Биз 2025-жылдан баштап алфавитибизди латын тамгасына, латын алфавитине өткөрүүгө киришүүбүз керек. Бул – улут болуп чечүүгө тиешелүү принциптүү маселе. Бир кезде тарых мерчеминде биз мындай кадамды жасаганбыз. Балдарыбыздын келечеги үчүн ушундай чечим кабылдоого тийишпиз жана бул бүткүл аалам менен жуурулушуубузга, балдарыбыздын англис тили менен интернет тилин жеткилең өздөштүрүүсүнө, эң башкысы – казак тилин жаңыртууга жагдай туугузат.
• Биз  казак  тилин  жаңыртууну  жүргүзүүгө  тийишпиз. Тилди заман талабына ылайыкташтырып, терминология маселесинде консенсус издөө керек. Ошондой эле, абдан калыптанган эл аралык жана чет тилден кирген сөздөрдү казак тилине которуу маселесин биротоло чечүү зарыл. Бул маселе обочолонгон ишмерлердин ортосунда чечилбөөгө тийиш. Өкмөт муну жөнгө салышы керек.
Бүткүл дүйнөдө бирдей кабылданган терминдер бар. Алар кез келген тилди байытат. Биз өмүрдү өзүбүз татаалдандырып алабыз, түшүнбөстүккө боюбузду алдырып, акыл-ойду сапырылыштырабыз, көөнө сөздөрдүн чырмоосунан чыкпайбыз. Мындай мисалдар аз эмес.

Мен азыркы тилде жазылган кеминде жүздөгөн китептердин тизмесин жасап, казак тилине жаңыча которууну сунуштаймын. Мүмкүн, жаштар арасында конкурс жарыялоо керек чыгар: өздөрүнө кайсы нерсе кызыктуу жана пайдалуу экендигин алар да айтсын.
 
 
***
 
Казак тилин өнүктүрүү саясаты андан жерүүгө, деги эле казактардын өздөрүнүн боюн оолак кармашына таасирин тийгизбөөсү керек. Тескерисинче, тил Казакстан калкын бириктирүүчү болууга тийиш. Бул үчүн тил саясатын сабаттуу түрдө жана ырааты менен, казакстандыктар сүйлөшө турган бир да тилге кысым жасабай жүргүзүү керек.
Сиздер биздин саясатыбыз тууралуу – 2025-жылга карата казакстандыктардын 95 пайызы казак тилин үйрөнүүгө тийиш экендигин билесиздер.
Бул үчүн азыр бардык шарт түзүлгөн.
Дал азыр өлкөбүздөгү окуучулардын 60 пайыздан ашууну мамлекеттик тилде окуйт. Мамлекеттик тил бардык мектептерде окутулат. Бул – эгер бала быйыл мектепке барса, эми он-он эки жылдан соң толук казакча биле турган казакстандыктардын жаңы урпагы калыптанат деген сөз.
Казакстандын келечеги – казак тилинде.
Казак тили 2025-жылга карата турмуштун бардык тармагында үстөмдүк кылып, кез келген чөйрөдө күндөлүктүү катнаш тилине айланат.
Көз карандысыздыгыбыз, ошентип, улутту бириктирген эң башкы баалуулугубуз – тууган тилибиздин даражасын жогорулатат.
Көз карандысыздыгына ээ болгон кезде өлкөбүздөгү казактын саны 6,8 миллион же 41% болсо, азыр 11 миллионго жетип, 65 %дан ашты.
Казактын саны 4 миллионго артты.
Эгер ар бир казак эне тилинде сүйлөөгө умтулса, тилибиз эчак эле Баш Мыйзамыбыздагы мартабасына ылайык ордун ээлер эле.
Казак тили тууралуу айтканда, ишти алды менен өзүбүздөн башташыбыз керектиги унутта калат.
Улуттук мүдөөгө кызмат кылуу үчүн ар ким башканы эмес, алды менен өзүн камчылоого тийиш.
Дагы да кайталап айтайын: казак казак менен казакча сүйлөшсүн.
Ошондо гана казак тили бардык казакстандыктардын жапырт колдонгон тилине айланат.

Тилге деген көз караш, чынына келгенде, өлкөгө деген көз караш экени сөзсүз. Ошондуктан ага кайдыгер карабайлы.
Казак тили жапырт колдонгон тилге айланып, чын маанисиндеги мамлекеттик тил мартабасына көтөрүлгөндө, биз өлкөбүздү КАЗАК МАМЛЕКЕТИ деп атай турган болобуз.
 
(2) Азыр биз балдарыбызга казак тили менен катар орус жана англис тилдерин да активдүү өздөштүрүүсү үчүн жагдай жасоого чаралар кабылдап жатабыз.
Үч тилдүүлүк мамлекеттик деңгээлде кызыктырылуусу керек.
Орус тилине жана кириллицага биз казак тилине кандай камкордук менен карасак, ошондой камкордук менен карашыбыз керек. Орус тилин билүү – биздин улутубуздун тарыхый артыкчылыгы экени кимге болсо да белгилүү.
Так ушул орус тили аркылуу казакстандыктар бир нече кылым бою кошумча билим алып, өлкө ичинде да, чет жерлерде да өз дүйнө таанымдары менен аралаша турган чөйрөсүн кеңейтип келе жатканын жокко чыгарбоого тийишпиз.
Биз англис тилин өздөштүрүүдө да алга илгерилешибиз керек. Азыркы ааламдын ушул «лингва франкасын» өздөштүрүү биздин өлкөбүздүн ар бир жаранына жашоодогу чексиз  мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
 
Төртүнчү. Маданият, үрп-адат жана өзүнчөлүк.
Үрп-адат менен маданият – улуттун генетикалык коду.
Падышалыктын, төңкөрүш силкилөөсү жана тоталитаризмдин бардык оорчулуктары менен кыйынчылыктарына карабастан, биздин өлкөбүздүн аймагында турган казактар жана башка да калктардын өкүлдөрү өздөрүнүн маданий өзгөчөлүктөрүн сактай алды.
Көз карандысыздык жылдарында, ааламдашуу менен батыштанууга карабастан, биздин маданий пайдубалыбыз бекемделе түштү.
Казакстан – уникалдуу өлкө. Биздин коомдо ар түрдүү маданий элементтер бири менен бири бириккен жана бирин-бири толуктап турат, бирине-бири кубат берип турат.
Биз өзүбүздүн улуттук маданиятыбыз менен үрп-адаттарыбызды ушул ар түрдүүлүгү жана улуулугу менен кошуп коргоого тийишпиз, маданий байлыгыбызды аз-аздан болсо да чогултушубуз керек.
Ынтымагы бар эл алгалайт, ынтымагы жок элден ырыс качат.
Бул – тарых мыйзамы.
Ошондуктан казактын биримдиги – элдигибиздин ачкычы, эң башкы маселеси.

Эл ынтымагы – эң асыл касиет.
Биримдик, ынтымак, сабырдуулулук менен парасаттуулук эң алды менен өзүбүзгө
– казактарга керек.
Казакты эч убакытта тыштан жоо алган эмес.
Казак алсыраса, ала ооздуктан алсыраган, оңолсо, ынтымактан оңолгон.
Үйдүн берекеси кабыргасынын кыюулашуусу менен эмес, көрпө-төшөгүнүн жыйылуусу, үй-бүлөсүндөгү сыйлашуусу жана ынтымагы менен кирет.
Мамлекет да ушундай.
Казакстандын элдиги ашкан, эрдиги ташкан, баралына келген, жарашыктуу элге айлануусуна бизден – казактардан артык мүдөөлүү ким бар?!
Казактын ички ынтымагын бузгусу келе турган урукчулдук, жерчилдик аңгеме менен элдин ынтымагын бүлдүргүсү келе турган күчтөрдүн пайда болуусу Эл башчы иретинде мени кабатырлантат.
Андай аксым ниеттүүлөрдүн айгайына кулак түрүп, айтагына ээрчиген адам ар бир атанын санжырасын териштирип, ар тарапка тартканын аңдабай қалуусу да мүмкүн.
Урук-урууга бөлүнүү – улуттук биримдиктен айрылуунун өтө коркунучтуу түрү.
Казак санжырасынын түпкү маанисин унутпоо керек, алп дарактын бутактары сыяктуу күллү уруулардын түбүн куба келгенде, бардыгы бир гана улуу тамырга – казак деген улутка барып тирелет.
Кайсыл санжыраны алып карасаңыз да, ал казактын биримдигин, туташтыгын айгинелейт.
Санжыра – казакты бөлчөктөп-бөлүүчү эмес, тескерисинче, бириктирүүчү түшүнүк. Бардык  адамзаттын  Адам  атадан  баштала  турганы  сыяктуу,  бүткүл  казактын санжыраларынын  бардыгы  Атам  казактан  башат  ала  тургандыгын ар  бир  казак жүрөгүнүн толтосунда кармоого тийиш.
Тек биргелешип гана, бүткүл калктын күч-жигерин бириктирип гана биз алга баса алабыз.
Биримдиги берекелүү, тиричилиги мааракелүү, ынтымагы жарашкан элдин гана ырысы менен ийгилиги мол болмокчу.
 
Бешинчи. Улуттук интеллигенциянын ролу.
Биз мамлекеттүүлүгүбүздүн руханий маселелери экономикалык, материалдык маселелерден эч кандай кем бааланбаган өнүгүү дооруна келдик.

Руханий өнүгүүдө негизги ролго дайыма интеллигенция ээ болот.
2050-жылдагы Казакстан прогрессивдүү идеалдар коому болууга тийиш.
Биздин коомубуздун азыркы көз караштарынын негизин так ушул интеллигенция берүүсү керек.
 
(1)  Интеллигенция калыптанган мамлекет доорунда жаңы жалпы улуттук баалуулуктар жаратууда алдыңкы катардагы күч болуусу керек. Алар заманга шайкеш жана келечекке куштарлыкта болууга тийиш.
Биз жаштарыбыз багыт алып, боюн түзөөгө тийиш өз заманыбыздын жаңы каармандарын көрсөтүшүбүз жана жаратышыбыз керек.
 
(2) Интеллигенция менин баамдоомдо, Казакстан – 2050 жаңы саясий багыты негизинде өлкө келечегинин менталдуу, дүйнө таанымдык үлгүсүн долбоорлоодо негизги ролду колго ала алат жана алууга тийиш.
 
(3) Биз улуттун тарыхый эстутумун калыптандыруу жумушун улантышыбыз керек.
 
Бүткүл казакстандык иденттүүлүк биздин калкыбыздын тарыхый аң-сезиминин өзөгүнө айланууга тийиш.
Бүгүнкү күндө кез келген этностогу же диндеги казакстандык – өз өлкөсүнүн тең укуктуу жараны.
Казак калкы жана мамлекеттик тил өнүгүү үстүндөгү казакстандык жарандык туташтыктын бириктирүүчү өзөгү кызматын аткарат.
Биз: «Мен – казакстандыкмын, өз өлкөмдө мен үчүн бардык эшик ачык!» – деп айта ала турган адилеттүү коом куруп жатабыз.
Бүгүнкү күндө биздин жарандар үчүн бардык эшик, бардык мүмкүнчүлүк, бардык жол ачык.
Биз көппүз жана бардыгыбыз – бир Өлкөбүз, бир Калкпыз.
Өз өлкөсүнө пайдасын тийгизүү, өз Ата Мекенинин тагдырына жооптуу болуу – ар бир жооптуу саясаткер үчүн, ар бир казакстандык үчүн парз жана абырой.
Биз ынтымак менен ырашкердик баалуулуктарын коомдун пайдубалына, казакстандык өзгөчө толеранттуулуктун негизине айландырдык.
Биз ушул баалуулуктарды казакстандыктардын ар бир келечек муунуна астейдил сунушташыбыз керек.
 
Алтынчы. ХХІ кылымдагы Казакстандагы дин
Бүгүнкү күндө биздин калкыбыз үчүн салттуу эмес диний жана жалган диний агымдар маселеси өткүр болуп турат.

 
Жаштарыбыздын бир бөлүгү өмүрүбүзгө жат, жалган диний көз карашты аңдабай кабылдайт, анткени, биздин коомдун бир бөлүгүндө четтен келген жалган диний таасирлерге иммунитет  алсыз.
Биздин Конституция ишеним боштондугуна кепилдик берет, бул – факт. Бирок, өзүңүздөр билгендей, чексиз эркиндик деген болбойт. Ал дегенибиз – хаос. Бардыгы тең Конституция менен мыйзамдар алкагында болууга тийиш.
Ар кимдин тандоо укугу бар. Диний тандоого өтө чоң жоопкерчилик менен кароо керек, анткени, адамдын өмүрлүк салты, турмушу, көп жагдайда бүткүл жашоосу ага байланыштуу.
Бүгүнкү күндө, интернет менен жогорку технологиялар кылымында, маалыматтар ташкындаган заманда, «сүзгүч» адамдын ичинде болууга тийиш.
Ички «сүзгүч» суроолор коюп отурууга тийиш: энелерибиз, эже-карындаштарыбыз, кыздарыбыз жоолукка чүмкөнүп алып, башка калктардын кийимин кийгени бизге керекпи? Биз менен бир дасторкондо отуруп тамак ичпөөгө тийишпи? Унаа айдабоосу керекпи? Мунун бардыгы – башка элдердин калыптанган үрп-адаттары, биздин талаабызда андай адаттар эч качан болгон эмес. Классиканы окуңуздар, фильмдерди көрүңүздөр.
Биздин аялдарда улуттук текебердүүлүк, калыптанган кийинүү стили бар, аны алар ыйбаалуулук менен кармай билет жана биз, эркектер, аялдардын ушул касиетин көбүнчө тескери пайдаланабыз.
Биз мусулманбыз, анын ичинде Абу Ханифа мазхабын карманган суниттербиз.
Бабаларыбыз карманган бул жол улуттук каада-салтты жана ата-энени сыйлоого негизделген.
Демек, бүгүнкү урпак да дүйнөдөгү эң гумандуу дин – ислам динин сыйлоо менен ата салтын урматтаганы абзел.
Азыр айрым тышкы күчтөр жаштарыбызды ислам дининин ак жолунан адаштырып, тескери багытка тартууга тырышууда.
Мындай улуттук табиятыбызга жат нерселерден боюбузду оолак кармашыбыз керек. Биз мусулман үмбөтүнүн бир бөлүгү экенибизди сыймык тутабыз. Ал – биздин салтыбыз. Бирок бизде светтик коомдун да жөрөлгөлөрү бар экендигин, Казакстан
светтик мамлекет экенин унутпашыбыз керек.
Биз элибиздин үрп-адаттары менен маданий нормаларына ылайык келе турган диний аң-сезимди калыптандыруубуз керек. Биз өзүн-өзү алып жүрүүнүн өзгөчө үлгүлөрүн өздөштүрүүгө тийишпиз. Мен жарыя кылып отурган стратегия биздин калкыбызды орто кылымдарда эмес, ХХІ кылымда өмүр сүрүүгө даярдайт.

Мамлекет менен жарандар радикализмдин, экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрлөрү менен көрүнүштөрүнө каршы бирдиктүү чеп курууга тийиш.
Диний экстремизм коркунучу өзгөчө кабатырланууну туудуруп отурат. Дин башчылары да буга кабатырлангандыктарын билдирүүдө.
Биз Жаратуучуга деген аруу ишенимдин агрессиялуу жана кырып-жоюучу фанатизм менен алмашуусуна жол бербешибиз керек.
Сокур фанатизм биздин тынччылыкты сүйгөн калкыбыздын психологиясы менен дилине таптакыр жат. Ал Казакстандын мусулмандары тутунган ханафи мазхабына да карама-каршы.
Казакстандагы экстремизм менен терроризмде идеялык эмес, кылмыштык негиз бар. Жалган диний апыртманын артында коомдун негизин күл-талкан кылгысы келген кылмыштык иш-аракет жашырынып жатат.
Бул – биздин өлкөбүздөгү тынччылык менен туруктуулукка чабуул. Бул – биздин мамлекеттүүлүгүбүз менен жарандык жетилгендигибиздин бекемдигинин сыноого түшүүсү.
 
• Биз диний радикализм менен экстремизмдин пайда болуусун бейтараптандыруу максатында  мыйзамдарыбызды  өнүктүрүшүбүз  керек.  Биз  терроризмге каршы мыйзамдарды да өнүктүрүүгө тийишпиз. Мамлекет радикализм менен экстремизмдин жолун кай жакта пайда болсо да кесиши керек.
• Биз  социалдык,  этностук  жана  диний  чыңалуулар  менен  кагылыштарды болтурбоонун жаңы ишенимдүү механизмдерин жасашыбыз керек. Салттуу эмес секталар менен күмөндүү жалган диний агымдардын иш-аракетин катаал түрдө тыйып отуруу зарыл.
•   Биз коомдо, асыресе, жаштар арасында диний экстремизм профилактикасын күчөтүшүбүз керек.
• Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин съезди берчү артыкчылыктарды да пайдаланышыбыз керек. Ушул диалог аянтынын базасында диний өңүттөгү доолорду чечүүнүн жаңы платформасын жасашыбыз зарыл.
• Биз диний жана этностук доолорду чечүү үчүн аймактагы жаңжалдуу түйүндөрдө, Чоң Жакынкы Чыгыш алкагында, деги эле андан да кеңири деңгээлде элдештирүүчүлүк жасоого даяр болушубуз керек.
Биздин мамлекетибиздин ачык-айкындуулугу – Казакстандын ийгиликтүү өнүгүүсүнүн маанилүү шарты.

Муну Казакстандын азыркы жана келечектеги саясатчылары, бардык казакстандыктар таасын түшүнүүгө тийиш.
Өкмөткө  менин   администрациям   менен   биргелешип,   Диний   экстремизм жана терроризм менен күрөш жөнүндөгү мамлекеттик программаны даярдоону тапшырамын.
Ошентүү менен мен улутту да этияттандыргым келет. Экстремизм менен күрөш айтор бир күнөөлүүнү издеп табууга айланып кетпөөгө жана дин менен күрөшкө уланып кетпөөгө тийиш.
Дин маселелеринде ойлоштурулган кадам жана өтө дыкаттык зарыл. Мамлекет диний бирикмелердин ички ишине кийлигишпөөсү керек. Биз абийир, толеранттуулук жана дин тутуу эркиндигинин принциптерин кастарлашыбыз керек.
 
Урматтуу казакстандыктар! Менин ата мекендештерим!
 
Бүгүнкү Кайрылуумда мен сиздердин ар бириңизге сөзүмдү арнайм.
Өлкөбүздүн алдында ири маселелер турат. Мен биздин ийгиликтүү боло тургандыгыбызга ишенимдүүмүн.
Келечектин Казакстанын мен кандайча элестетем?
Мен 2050-жылдагы казакстандыктар – үч тилде сүйлөгөн билимдүү, эркин адамдардын коому болооруна толук ишенимдүүмүн.
Алар – ааламдын жарандары. Алар саякаттап жүрөт. Алар жаңы билимди өздөштүрүүгө куштар. Алар эмгек сүйгүч. Алар – өз өлкөсүнүн патриоттору.
Мен 2050-жылдагы Казакстан – жалпыга орток эмгек коому экенине ишенимдүүмүн. Ал – бардыгы да адам ийгилиги үчүн жасала турган, экономикасы мыкты мамлекет. Билим берүү тармагы да, саламаттыкты сактоо тармагы да мыкты. Бейпилдик менен тынччылык салтанат курган. Жарандары эркин жана тең укуктуу, а эми бийлиги адилеттүү. Анда мыйзам үстөмдүк кылат.
Мен биздин туура багыт менен илгерилеп бара жатканыбызга ишенемин жана бизди эч нерсе да түзүү жолдон тайдыра албайт.
Эгер биз күчтүү болсок, биз менен эсептеше турган болот.
Эгер биз ажайыпка ишенсек же башкаларга ээк артсак, ээ болгон жетишкендиктерибизди жоготуп алабыз.
Бүгүн биз эң туура тандоо жасоого тийишпиз.

 
Кымбаттуу ата мекендештер!
«Казакстан – 2050» жаңы Стратегиялык багытын жүзөгө ашырууда бизге – казак калкына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт.
Таалими мол тарыхыбыз менен, улуу бабалардын үлгү болорлук өмүрүнөн алар сабагыбыз менен биз алдыдагы ашуулардан оңой ашабыз.
Үдөөнүн сыры – ынтымакта, Жүдөөнүн сыры – ала ооздукта.
Мындан  3  кылым  мурда  Аңыракай талаасында болгон улуу салгылашта ата- бабаларыбыз биримдиктин қудурети кандай болорун өзүнө да, башкага да далилдеген.
Сыноо сааттарда тууган өлкөгө деген перзенттик парзды бардыгынан бийик коё билген. Ошол  салгылашта  төгүлгөн  кан  бардык  казактын  тамырында  бар.  Бизди  бир- бирибиз менен бириктирүүчү да, боор кылчу да бабалардын боштондук жолунда
төгүлгөн ушул каны деп билем.
Элдик мурат жолундагы улуу эрдик ар качан аталарыбыздын боюнан табылган.
Бабаларыбыз  тирүү  болуу  үчүн  бир  болсо,  биз  дайыма  ири  болуу  үчүн  бир болушубуз керек.
Тынч күндөгү белестерди багындырып, алдыдагы сыноолордон сүрүнбөй өтүшүбүз, эң алды менен, өзүбүзгө, биримдигибиз менен берекебизге байланыштуу.
Биз бардыгыбыз бир атанын – казак калкынын перзентибиз. Бардыгыбыздын да тууган жерибиз бирөө – ал касиеттүү казак талаасы.
Бул дүйнөдө биздин бир гана Ата Мекенибиз бар, ал – көз карандысыз Казакстан.
Биз келечекке көз тигип, көз карандысыз элибизди «Түбөлүк Эл» кылууну максат кылдык.
«Казакстан – 2050» Стратегиясы ушул түбөлүк жолдогу муундар биримдигинин, урпактар байланышынын көрүнүшү. Көз карандысыз өлкөнү өз колу менен курган муундан башталган улуу иштерди кийинки урпактын ылайыктуу уланта турганына толук ишенемин.Бабалардын эрдиги, бүгүнкү муундун эрен иштери жана жаш урпактын жаратмандыгы арасында байланыш болсо гана, биз «Түбөлүк Эл» болобуз.
Ошондуктан бардык муун өкүлдөрүнө кайрыламын! Алды менен, алдыңкы толкун – ага муун!
Сиздердин көрөгөчтүгүңүздөр менен өмүрлүк тажрыйбаңыздар кийинки муундун акыйкат жолунан адашпай, алга басуусуна жардамын тийгизет.

Ортоңку муун ата мекендештерим!
Сиздердин энчиңиздерге алп империянын урап, жаш, көз карандысыз мамлекеттин кайра жаралган доору төп келди.
Сиздердин күрдөөлдүү да, кыйын чечимдер аркылуу топтогон өлчөөсүз тажрыйбаңыздар – кыйынчылыктардан кылчайбай өтүүбүзгө зарыл баа жеткис казына.
Ал эми кийинки толкун жаштарга айтарым: Силер – келечекке деген жаркын үмүтүбүздүн тирегисиңер.
Биздин бүгүнкү аткарып жаткан орошон зор иштерибиз тек силер үчүн жасалууда. Силер көз карандысыз Казак калкынын перзенттерисиңер.
Көз карандысыз өлкөдө төрөлүп, көз карандысыз өлкөдө тарбия алдыңар.
Силердин азат ойлоруңар менен зор билимиңер – өлкөбүздү азыр бизге көз жеткис алыста, кол жеткис бийикте көрүнчү жаңы максаттарга алып бара турган кудуреттүү күч.
Мен бүт калкымды жаркын келечекке жол баштай турган адамзат баласынын түбөлүк баалуулуктары – эрк-жигер менен эмгекти сүйүүчүлүк, максаттуулук касиеттерди бойго сиңирүүгө чакырам.
Мен XXI кылым Казакстандын «алтын кылымы» болоруна ишенем.Бул тынччылыктын, туруктуулук менен гүлдөп-өсүүнүн кылымы болот.
Казакстан калкы улуу тарыхтын ээси аталууга татыктуу.
Бизкөздөгөн максатыбызга милдеттүү түрдө жетебиз.Эңсеген азаттыгыбыз менен топук кылаар көз карандысыздыгыбыз баяналуу болсун!
Түбөлүк Эл болуу жолундагы улуу иштерибиз жаңы доорлорго жол ачсын! Бардыгыңыздарга бак-береке, үй-бүлөлөрүңүзгө амандык каалайм.
хроника 2050

МСБ будет производить не менее 50% объема ВВП

Производительность труда будет увеличена до 126 тысяч долларов 100-процентный охват казахстанских детей от 3 до 6 лет дошкольным образованием

Казахстан будет полностью обеспечивать собственный рынок ГСМ в соответствии с новыми стандартами экологичности

Доля несырьевого экспорта в общем объеме экспорта должна увеличиться в два раза и в три раза к 2040 году

Начнется перевод нашего алфавита на латиницу

95% казахстанцев должны владеть казахским языком

На 15 % посевных площадей будут применяться водосберегающие технологии

Будет решена проблема обеспечения населения водой для орошения

Показатель объёма ВВП на душу населения достигнет 60 тысяч долларов

Доля городских жителей РК вырастет до 70 % от всего населения